Уюлдук телефон саткан дүкөндөн 65 миң доллар уурдагандар кармалды

Уюлдук телефон саткан дүкөндөн 65 миң доллар уурдагандар кармалды

Кара-Суу районунда уюлдук телефон саткан дүкөндөн 65 миң доллар уурдоого шектелгендер кармалганын Ош облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Милициянын маалыматына ылайык, 2026-жылдын 25-февралында ички иштер органдарына 1996-жылы туулган К.Ж. аттуу жаран кайрылган. Ал 22-февралдан 23-февралга караган түнү белгисиз адамдар дүкөнгө кирип, 65 миң доллар уурдап кеткенин билдирген.

Бул факт боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси ("уурулук") менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары башталган.

Ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында кылмышка шектүүлөр — 2009-жылы туулган М.Н., 2001-жылы туулган М.М. жана 2004-жылы туулган К.Т. кармалды. Алар Ош жана Бишкек шаарларында жашырынып жүрүшкөн.

Тергөө аныктагандай, уурдалган акчаны шектүүлөр өз ара бөлүшүп алышкан. Каражаттын жарымына жакынын Бишкектен автоунаа сатып алууга жумшашкан, калганын жеке муктаждыктарына коротушкан.

Учурда кармалгандардын башка кылмыштарга тиешеси бар-жогу текшерилүүдө. Тергөө уланууда.

Мындан тышкары окуңуз

Декларация тапшыруу менен бирге социалдык чегерүүгө ээ болуңуз

Декларация тапшыруу менен бирге социалдык чегерүүгө ээ болуңуз

Кыргызстанда жарандар салык декларациясын тапшыруу менен бирге социалдык жана мүлктүк чегерүүлөрдү кайтарып алууга мүмкүнчүлүк алышат. Салык төлөөчүнүн же анын багуусундагы 24 жашка чейинки уулуңуз же кызыңыздын билим алышы үчүн каражат жумшап жатсаңыз, жыл сайын төлөп жаткан сумманын 10% чейинки суммасын кайтарып алууга угунуңуз бар. Ошондой эле турак жай сатып алуу

Бишкек шаарында "Манас" ири маданий комплексинин курулушу башталды

Бишкек шаарында "Манас" ири маданий комплексинин курулушу башталды

Борбор калаада жаңы "Манас" маданий борборунун курулушунун башталышына арналган убакыт капсуласын салуу аземи өттү. Иш-чарага Каныбек Туманбаев катышып, долбоордун расмий башталышына старт берди. Маалыматка ылайык, комплекс куруу үчүн 2 гектар жер тилкеси бөлүнгөн. Имараттын жалпы аянты 6 миң 681 чарчы метрди түзөт. Уюштуруучулардын айтымында, "Манас" борбору

Кыргызстанда айдоочулук күбөлүктү 3 саатта  алуучу долбоор иштелип жатат

Кыргызстанда айдоочулук күбөлүктү 3 саатта алуучу долбоор иштелип жатат

Кыргызстанда айдоочулук күбөлүктү тездетилген тартипте алуу мүмкүнчүлүгүн караган жаңы мамлекеттик кызмат иштелип жатканын "Унаа" мамлекеттик мекемесинен билдиришти. Маалыматка караганда, акыркы убакта жарандардан айдоочулук күбөлүктү берүү мөөнөтүн кыскартуу боюнча кайрылуулар үзгүлтүксүз түшүүдө. Буга байланыштуу "Транспорт каражаттарын башкаруу укугуна айдоочулук күбөлүктү шашылыш берүү" мамлекеттик кызматынын стандартынын долбоору даярдалды.

Кыргызстанда 69 851 адам салык декларациясын тапшырды

Кыргызстанда 69 851 адам салык декларациясын тапшырды

23-мартка карата бирдиктүү салык декларациясын тапшырган салык төлөөчүлөрдүн саны 69 миң 851 адамды түзгөнүн Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти. Анын ичинде 26 миң 219 юридикалык жак жана 43 миң 632 мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, ошондой эле айрым жеке жактар декларация тапшырышкан. Салык кызматы салык төлөөчүлөрдү декларацияны акыркы мөөнөткө калтырбай, алдын ала