Караколго тартылган инвестициянын көлөмү 9,5 млрд долларга жетти
Өлкө лидери Садыр Жапаров 13-ноябрда Каракол шаарынын 2021–2026-жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары менен таанышты. Бул тууралуу президенттик администрация маалымдады.
Билдирүүгө караганда, шаарда инвестициялардын көлөмү 2021-жылдагы 1,2 млрд сомдон 2026-жылы 9,5 млрд сомго жеткен. Ал эми 2026-жылдын тогуз айында өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 4,6 млрд сомду түзүп, 2021-жылга салыштырмалуу 2 эсеге көбөйгөн. Өнөр жай тармагында жалпы наркы 349,6 млн сомду түзгөн 33 долбоор ишке ашырылып, 1 155 жумуш орду түзүлгөн.
Шаардын инфраструктурасын өнүктүрүүгө да ири каражаттар багытталган. Жаңы жолдорду курууга 2,075 млрд сом бөлүнүп, 61,8 чакырым жол салынган. Мындан тышкары, "Каракол" эл аралык аэропорту 2,1 млрд сомго модернизацияланып, калкты транспорттук тейлөөнү жакшыртуу үчүн 60 автобус сатып алынган.
Социалдык тармакта 435,1 млн сомго 6 бала бакча, 3 мектеп жана 1 китепкана куруу каралган. Ошондой эле 3,6 млрд сомго 8 бала бакча жана 6 мектепти реконструкциялоо пландалган. Маалыматта мындан тышкары 5 мектеп жана 5 бала бакча реконструкцияланганы белгиленген. Чек ара кызматынын № 20-28 аскер бөлүгү да 1,2 млрд сомго жаңыланган.