Орто-Токой суу сактагычында мыйзамсыз балык уулоо аныкталды
Кочкор районундагы Орто-Токой суу сактагычында мыйзамсыз балык уулоо фактысы аныкталды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары министрлиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, министрликке караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Нарын регионалдык башкармалыгынын кызматкерлери жүргүзгөн түнкү рейд учурунда балык уулоо эрежелерин бузган 2 жаран кармалган. Алардан мыйзамсыз кармалган 17 даана сига лудога балыгы табылган.
Аталган жарандарга карата Укук бузуулар жөнүндө кодекске ылайык административдик протоколдор түзүлүп, тиешелүү токтомдор чыгарылган. Ошондой эле жаратылыш ресурстарына келтирилген зыян үчүн 17 миң 170 сом өлчөмүндө доо коюлган.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда
Каналга катталуу