Кыргызстан баштапкы медициналык жардамды өнүктүрүү боюнча эл аралык конгресске катышты
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин делегациясы 12–13-ноябрда Казакстандын Астана шаарында өткөн баштапкы медициналык-санитардык жардамды өнүктүрүүгө арналган эл аралык конгресске катышты. Делегацияны министрдин орун басары Нурбек Букуев жетектеди. Бул тууралуу министрликтен билдиришти.
Маалымдалгандай, конгресстин жүрүшүндө Нурбек Букуев Кыргызстанда баштапкы медициналык жардамды өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттары тууралуу баяндама жасады. Анда үй-бүлөлүк медицина институтун чыңдоо, медициналык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу, оорулардын алдын алуу, саламаттык сактоо тармагын санариптештирүү жана медициналык кадрларды даярдоо маселелери камтылды.
Министрдин орун басары саламаттык сактоо системасын ооруларды дарылоого гана эмес, алардын алдын алууга жана эрте аныктоого багыттоо зарылдыгын белгиледи. Ошондой эле ар бир жаран жашаган жерине карабастан сапаттуу медициналык жардам алышы керектигин баса белгиледи.
Кыргызстандык делегациянын конгресске катышуусу Казакстан менен кызматташтыкты кеңейтүүгө, эл аралык тажрыйба алмашууга жана баштапкы медициналык-санитардык жардамды жакшыртуу боюнча биргелешкен демилгелерди өнүктүрүүгө багытталган.