Ак-Суу районунда туристтердин саны 8 эседен ашык өстү
Мамлекет башчысы Садыр Жапаров Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Ак-Суу районунун акыркы беш жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсү менен таанышты. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди.
Маалыматка ылайык, бул мезгилде райондо инвестициялардын көлөмү жана өнөр жай өндүрүшү кыйла өскөн. Жеке ишкерлердин саны дээрлик 40 %га көбөйүп, жаңы өндүрүш ишканалары ачылган. Туризм тармагында да өсүш байкалып, туристтердин саны 8 эседен ашык көбөйгөн.
Учурда райондо жол инфраструктурасын жакшыртуу жана ичүүчү суу менен камсыздоо системаларын өнүктүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Ошондой эле тоо туризмин өнүктүрүүгө, заманбап инфраструктураны түзүүгө жана жаңы жумуш орундарын камсыздоого багытталган "Ала-Тоо Резорт" улуттук туристтик комплексин куруу ири келечектүү долбоорлордун бири болуп саналат.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда
Каналга катталуу