Токтогул шаарында электр тармагын жаңылоо иштери жүргүзүлүүдө
Токтогул шаарында электр энергиясы менен камсыздоонун сапатын жакшыртуу жана жаңы конуштарды электр тармагына кошуу максатында инфраструктуралык иштер жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалым болгондой, Үзөке ата, Асыран жана Бузурман көчөлөрүнө жалпы 64 бетон мамыча орнотулуп, 8 миң метр электр зым чубалгысы тартылды. Ошондой эле Корма цех участогуна 12 мамыча орнотулуп, кубаттуулугу 160 кВА болгон трансформатор ишке берилди. Төө-Карын участогунда да 10 бетон мамыча орнотулуп, электр зымдары тартылды.
Мындан тышкары, дагы 7 эски бетон мамычаны РЭС тарабынан орнотуу пландалууда. Аталган иштер жергиликтүү бюджеттин, атайын эсептин жана жарандардын салымынын эсебинен каржыланууда.
Мэрия электр менен камсыздоону жакшыртуу жана шаардык инфраструктураны өнүктүрүү иштери улантыларын белгиледи.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда
Каналга катталуу