“Чаткал Резорт”, “Чоктал Резорт” долбоорун ишке ашыруу боюнча талкуу болду

“Чаткал Резорт”, “Чоктал Резорт” долбоорун ишке ашыруу боюнча талкуу болду

Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Кыргызстанда туризм тармагын өнүктүрүүгө багытталган долбоорлордун ишке ашырылышынын жүрүшүнө байланышкан маселелерди талкуулоо боюнча кеңешме өткөрдү. 

Маалыматка ылайык, отурумда алгач, Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда бардык мезгилдерге ылайыктуу заманбап тоо курортун түзүү үчүн “Чаткал Резорт” долбоорунун ишке ашырылышы каралды. Долбоорду ишке ашыруу жеке инвесторлорду жана адистештирилген өнүктүрүү компанияларын тартуу менен мамлекеттик-жеке өнөктөштүк форматында ишке ашыруу пландалууда, анын мөөнөтү болжолдуу 2026-2034-жылдарга белгиленген. 

Ошондой эле Ысык-Көлдүн жээгинде эл аралык деңгээлдеги көп функционалдуу “Чоктал Резорт” туристтик-курорттук комплексин куруу боюнча инвестициялык долбоордун ишке ашырылышынын жүрүшү каралды. Долбоор сапаттын, экологиялык туруктуулуктун жана жыл бою иштөөнүн эл аралык стандарттарына жооп берген заманбап 5 жылдыздуу курорттук комплексти түзүүгө багытталган.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкектеги Токомбаев проспектиси менен Байтик Баатыр көчөсүнүн кесилиши ачылды

Бишкектеги Токомбаев проспектиси менен Байтик Баатыр көчөсүнүн кесилиши ачылды

Аалы Токомбаев проспектиси менен Байтик Баатыр көчөсүнүн кесилиши автоунаа кыймылы үчүн ачылды. Бишкек шаардык мэриясынын маалыматына ылайык, жол чийиндери аба ырайы жакшыргандан кийин түшүрүлөрүн эскертти. Учурда аталган кесилиште бардык жол белгилери орнотулган. Бишкек шаарынын мэриясы жол кыймылынын бардык катышуучуларын ылдамдыкты сактоого, убактылуу жол белгилеринин талаптарын так аткарууга чакырат. Кыргызстандын экономика,

Кыргызстан менен Германиянын ишкердик кеңешинин кезектеги жыйыны өтөт

Кыргызстан менен Германиянын ишкердик кеңешинин кезектеги жыйыны өтөт

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Кыргызстандын Бавария жана Тюрингиядагы Ардактуу башкы консулу Райнхольд Крэммельди кабыл алды.  Президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн айтымында, тараптар эки өлкөнүн ортосунда экономика, инвестициялар жана бизнес-форумдарды өткөрүү сыяктуу багыттарда кызматташтыкты тереңдетүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. Ошондой эле МинКаб башчысы жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-герман ишкердик кеңешинин алкагындагы кызматташтык

“Талас Даамы” ишканасы 30 тоннага жакын сүт кабыл алууда

“Талас Даамы” ишканасы 30 тоннага жакын сүт кабыл алууда

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Рустам Балтабаевдин Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында аймактагы ири сүттү кайра иштетүүчү ишканалардын бири болгон “Талас Даамы”ишканасынын ишмердүүлүгү менен таанышты. Айыл чарба министрлигинин маалыматына ылайык, сүт жана сүт азыктары өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуучу стратегиялык

Жолду оңдоо иштеринде курулуш нормаларын бузган ишканага айып пул салынды

Жолду оңдоо иштеринде курулуш нормаларын бузган ишканага айып пул салынды

Жалал-Абад облусундагы Үч-Терек – Жетиген жолунун оңдоо иштеринде курулуш нормаларынын бузулушу аныкталды. Бул тууралуу Курулуш министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Мамлекеттик архитектуралык-курулуш көзөмөл департаменти жолдун оңдоо иштерин текшерип, лабораториялык анализ үчүн үлгүлөрдү алган. Изилдөөнүн жыйынтыгында бир катар мыйзам бузуулар аныкталган. Тактап айтканда, айрым жерлерде асфальт бетон негизсиз