Кыргызстан менен Аргентинанын айыл чарба тармагында кызматташуусу талкууланды

Кыргызстан менен Аргентинанын айыл чарба тармагында кызматташуусу талкууланды

24-ноябрда айыл чарба министринин биринчи орун басары Илич Марсбек уулу Аргентинанын элчиси Энрике Игнасио Феррер Виейра менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтен билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар айыл чарба, тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайы тармактарындагы эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты.

Өзгөчө мал чарбачылыгы, өсүмдүк өстүрүү, селекция жана үрөнчүлүк тармактарында тажрыйба алмашууга, тоют базасын өнүктүрүүгө, заманбап агротехнологияларды киргизүүгө жана айыл чарба продукциясын кайра иштетүүгө көңүл бурулду.

Кыргыз тарап Аргентинанын агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү, инновациялык технологияларды колдонуу, айыл чарба тармагынын өндүрүмдүүлүгүн жана экспорттук потенциалын жогорулатуу боюнча тажрыйбасын үйрөнүүгө кызыкдар экенин билдирди.

Ошондой эле эки өлкөнүн тиешелүү мамлекеттик мекемелеринин, илимий-изилдөө уюмдарынын жана ишканаларынын ортосунда кызматташтыкты жолго коюу мүмкүнчүлүктөрү каралды.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өз ара пайдалуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө жана кыргыз-аргентиналык мамилелерди бекемдөөгө кызыкдар экенин ырасташты.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Саясат

Акыркы жаңылыктар

Баары

900 миң сом опузалоого шектелген УКМКнын жалган кызматкери кармалды

Ала-Букада көмүрдүн килограммы 7 сомдон 9 сомго чейин сатылууда

Ысык-Көлдө пансионат курган ишканага 200 миң сом айып салынды

Вайс-Ситиге жетүү үчүн 6,5 саат: Кыргызстанда GTA VI оюнун жүктөп алуу канча убакытты талап кылат?

Улуттук банк айыптарды салды