Алмашуу бюролорунун жүгүртүү каражатын көбөйтүү - көзөмөлдү күчөтүүгө багытталат

Алмашуу бюролорунун жүгүртүү каражатын көбөйтүү - көзөмөлдү күчөтүүгө багытталат

Кыргызстанда акча алмашуу бюролорунун жүгүртүү каражаттарына коюлган талаптар күчөтүлүп, капиталдын минималдуу өлчөмү этап-этабы менен көбөйтүлөт. Улуттук банктын өкүлдөрү мындай чара көмүскө ишмердүүлүктү алдын алуу, рыноктогу көзөмөлдү күчөтүү жана валюта операцияларынын туруктуулугун камсыздоо максатында кабыл алынганын билдиришүүдө.

"Ишкер медианын" суроосун жооп берип жатып, Улуттук банктын Банктык көзөмөл башкармалыгынын башчысы Элизат Жапарова өлкөдө азыр акча жүгүртүүнүн көлөмү жана акча алмаштыруу бюролорунун саны кыйла көбөйгөндүгүн билдирди. Анын айтымында, банк өкүлдөрү атайын анализ жүргүзүп, капиталдын минималдуу өлчөмүн жогорулатууну сунуштаган.

Бишкек жана Ош шаарында иштеген акча алмаштыруу бюролоруна атайын өзүнчө капитал, региондорго иштеген жана мезгил-мезгили менен иштеген алмаштыруу бюролоруна дагы атайын суммалар каралган болчу. Улуттук банкта алмашуу бюролорунун ишмердүүлүгүн көзөмөлдөгөн өзүнчө түзүмдүк башкармалык бар. Аталган бөлүмдүн өкүлдөрү лицензиясы жок иштеген алмашуу бюролору аныкталса, аларга карата мыйзам чегинде тиешелүү чараларды көрүшөт” – деп билдирди, Жапарова.

 Учурда аймактагы ар бир алмашуу бюро үчүн жүгүртүү каражаттарынын минималдуу өлчөмү 500 миң сомду түзөт. Ал эми Бишкек жана Ош шаарларындагы алмашуу бюролору үчүн бул сумма 1 млн сом болуп эсептелет.

Ал эми 13-майда кабыл алынган жаңы токтомго ылайык, 2026-жылдын 1-июнунан тарта жогорудагы талаптар күчөтүлө баштайт. Анда:

- Аймактагы алмашуу бюролору үчүн минималдуу жүгүртүү каражаты - 3 млн сом;

- Бишкек жана Ош шаарларындагы бюролор үчүн - 5 млн сом;

- сезондук негизде иштеген бюролор үчүн - 1 млн сом болуп белгиленет.


Улуттук банктын 19-майга карата абал боюнча реестрине ылайык, Кыргызстанда 892 акча алмашуу бюросу иш алып барууда.

Мындан тышкары окуңуз

Каржы министрлигине аудит: бюджетке кайтарыла элек каражаттар бар

Каржы министрлигине аудит: бюджетке кайтарыла элек каражаттар бар

14-августта Эсептөө палатасы Каржы министрлигине караштуу кызматтар жана мекемелердеги 2025-жылдагы бюджеттин аткарылышы боюнча шайкештик аудитин аяктады. Эсептөө палатасынын маалыматына ылайык, аудиттин жыйынтыгында жалпы суммасы 110 млн 181,6 миң сомду түзгөн каржылык мыйзам бузуулар жана кемчиликтер аныкталган. Текшерүүнүн жана көрүлгөн чаралардын натыйжасында калыбына келтирилүүгө тийиш болгон 26 млн

Манас шаарындагы 375 орундуу мектептин курулушу аяктап калды

Манас шаарындагы 375 орундуу мектептин курулушу аяктап калды

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги Манас шаарында алты мектеп куруп жатат. Алардын бири 375 орунга ылайыкталган №21 жаңы мектеп. Министрликтин маалыматына ылайык, объект мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржыланууда. Курулуш иштери быйыл март айында башталган. Учурда үч кабаттуу мектептин имараты толук тургузулуп, курулуш иштери 85%га аткарылды. Имараттын ички

Көк-Ташта селден жабыркаган үй-бүлөгө 20 миң даана кыш берилди

Көк-Ташта селден жабыркаган үй-бүлөгө 20 миң даана кыш берилди

Көк-Таш айылында селден жабыркаган үй-бүлөгө жардам көрсөтүлүп, турак жайын калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Баткен райондук мамлекеттик админстрациясынан билидиришти. Маалыматка ылайык, 20-июнда болгон селден улам Айдана Тагаймуратованын үйү жараксыз абалга келген. Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн тапшырмасынын негизинде демөөрчүлөр турак жай ээсине 20 миң

Кыргызстанда пиротехника эми атайын дүкөндөрдө гана сатылат

Кыргызстанда пиротехника эми атайын дүкөндөрдө гана сатылат

Кыргызстанда пиротехникалык каражаттарды сатууга жана колдонууга жаңы чектөөлөр киргизилди. Бул тууралуу "Токтом" маалыматтык-укуктук порталында маалымдалат. Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-августундагы №534 токтому менен өлкө аймагында жарандык пиротехникалык каражаттардын жүгүртүү эрежелери бекитилди. Документке ылайык, пиротехникалык каражаттардын бардык түрүн сатууга атайын адистештирилген дүкөндөрдө гана уруксат берилет. Мындан тышкары,