Баткен жана Брест облустары кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча иш-чаралар планын бекитишти

Баткен жана Брест облустары кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча иш-чаралар планын бекитишти

Баткен жана Беларусь Республикасынын Брест облустарынын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча иш-чаралар планына кол коюлду. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, документ эки аймактын ортосундагы соода-экономикалык, социалдык жана маданий байланыштарды кеңейтүүгө багытталган.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков баштаган кыргыз делегациясы Беларусь Республикасында иш сапары менен жүрөт. Делегация Минск шаарында өтүп жаткан эки өлкөнүн соода-экономикалык кызматташтыгы боюнча өкмөттөр аралык комиссиясынын жыйынына жана Кыргыз-беларусь биринчи аймактар аралык форумуна катышууда.

Делегациянын курамында президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Максатай Каримбердиева да бар.

Иш сапардын алкагында ал Брест облусунун жетекчилиги менен жолугушту. Жолугушууда Брест облусунун губернаторунун социалдык маселелер боюнча орун басары Виктор Рафалович жана облустук аткаруу комитетинин экономика комитетинин төрагасынын орун басары Иван Красовский Баранович шаарындагы билим берүү, саламаттык сактоо жана спорт мекемелеринин ишмердүүлүгү менен тааныштырышты.

Белгилей кетсек, Баткен жана Брест облустарынын ортосунда кызматташуу жөнүндө келишимге буга чейин кол коюлган. Эми аны ишке ашыруу боюнча конкреттүү иш-чаралар белгиленди.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Экономика

Акыркы жаңылыктар

Баары

Эмгек кодексине өзгөртүү киргизилди

Бишкекте коомдук дааратканалар үчүн 16 жер аукционго коюлду

Бишкекте монорельс куруу долбоору талкууланды

Садыр Жапаров президенттик шайлоого катышуу үчүн БШКга арыз берди

Спорт агенттигине 21 кызматтык унаа тапшырылды