Корумду – Балбай баатыр жолунун курулушу 91%га аяктады
Ысык-Көл айланма унаа жолунун Корумду - Балбай баатыр тилкесиндеги курулуш иштеринин 91 пайызы аткарылды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, узундугу 79,2 чакырым болгон жолдун бардык бөлүгүнө эки катмар асфальт-бетон төшөлүп, борбордук металл тосмолор орнотулду. Ошондой эле 14 көпүрөнүн жана 2 жер алдындагы жөө жүргүнчүлөр өтмөгүнүн курулушу толугу менен аяктады.
Мындан тышкары, негизги жолдогу 235 суу өткөрүүчү түтүк орнотулду. Жолдун кошумча тилкелерине, аялдамаларга, тротуарларга жана велосипед жолдоруна каралган 654 түтүктүн 486сы орнотулган.
Учурда узундугу 68,82 чакырым болгон велосипед жолуна жана 21,85 чакырым тротуарга асфальт төшөлдү. Велосипед жолунун жер жумуштарынын 98 %ы, ал эми бордюрларды орнотуу иштеринин 90 %ы аткарылды.
Азыркы тапта тротуарларды жана велосипед жолдорун куруу, суу өткөрүүчү түтүктөрдү орнотуу, жол чийиндерин түшүрүү жана белгилерди коюу иштери уланууда.
Белгилей кетсек, Корумду - Балбай баатыр тилкеси 17 калктуу конуш аркылуу өтөт. Долбоордо жолду 4 тилкеге чейин кеңейтүү, көпүрөлөрдү жана жер алдындагы өтмөктөрдү куруу, ошондой эле жалпы 877 суу өткөрүүчү түтүк орнотуу каралган.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда
Каналга катталуу