Быйыл 10 айда мамлекеттик бюджетке 669,6 миллиард сом киреше түштү

Быйыл 10 айда мамлекеттик бюджетке 669,6 миллиард сом киреше түштү

2026-жылдын 10 айында республикалык бюджетке 669,6 миллиард сом киреше түштү. Бул тууралуу 9-ноябрда Министрлер кабинетинин аппараттык кеңешмесинде айтылды.

Маалыматка караганда, бул болжолдонгон көрсөткүчтөн 17,3 миллиард сомго көп болду.

Мамлекеттик салык кызматы 288,5 миллиард сом чогултуп, белгиленген пландын 102,7 пайызын аткарды. Мамлекеттик бажы кызматы 155,6 миллиард сом чогултуп, пландын 104,1 пайызын түздү.

МинКаб төрагасы Адылбек Касымалиев жылдын аягына чейин ушул оң динамиканы сактап калуу, бюджеттик кирешелердин толук чогултулушун камсыз кылуу, ошондой эле бөлүнгөн каражаттардын өз убагында жана натыйжалуу пайдаланылышына кепилдик берүү зарылдыгын баса белгиледи.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads жана Х каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. 
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Экономика

Акыркы жаңылыктар

Баары

Корумду – Балбай баатыр жолунун курулушу 91%га аяктады

Эмгек кодексине өзгөртүү киргизилди

Бишкекте коомдук дааратканалар үчүн 16 жер аукционго коюлду

Баткен жана Брест облустары кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча иш-чаралар планын бекитишти

Бишкекте монорельс куруу долбоору талкууланды