Бишкекте коомдук дааратканалар үчүн 16 жер аукционго коюлду
Бишкек шаарында коомдук дааратканаларды куруу жана жайгаштыруу үчүн Муниципалдык мүлк башкармалыгы тарабынан 16 жер тилкеси кайрадан аукционго чыгарылды. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясыны билдирди.
Маалыматка караганда, аукцион "2026–2030-жылдарга Бишкек шаарында коомдук санитардык объектилерди өнүктүрүү" муниципалдык программасынын алкагында уюштурулууда.
Коомдук дааратканаларды жайгаштыруу үчүн сунушталган жер тилкелери шаардын ар кайсы аймактарында, анын ичинде парктарда, скверлерде жана көчөлөрдүн кесилиштеринде жайгашкан.
Алардын катарында "Кыргызстандын 40 жылдыгы", "Эмгек Даңкы", "Кожзавод" парктары, "Сакалдуу" багы жана башка коомдук жайлар бар.
Аукцион 2026-жылдын 5-ноябрынан 5-декабрына чейин өткөрүлөт.
Мэрия бардык кызыкдар ишкерлерди ачык аукционго катышууга чакырды.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда
Каналга катталуу