Эмгек кодексине өзгөртүү киргизилди
Кыргызстанда Эмгек кодексине өзгөртүү киргизилди. Тиешелүү мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койду.
Мыйзам 2026-жылдын 15-октябрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.
Мыйзамдын максаты эмгек акыны индексациялоону анын реалдуу мазмунун камсыз кылуунун мыйзамдык механизми катары бекитүү болуп эсептелет.
Документке ылайык, кызматкерлердин эмгек акысынын реалдуу өлчөмүнүн деңгээлин жогорулатуу товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө керектөө бааларынын өсүшүнө байланыштуу эмгек акыны индексациялоо аркылуу камсыз кылынат.
Эмгек акыны индексациялоо тартиби жамааттык келишимдерде, макулдашууларда же уюмдун ички документтеринде белгиленет.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда
Каналга катталуу