Кыргызстанда биринчи жолу фасаддык материалдар сейсмикалык сыноодон өткөрүлдү

Кыргызстанда биринчи жолу фасаддык материалдар сейсмикалык сыноодон өткөрүлдү

Кыргызстанда алгачкы жолу фасаддык тутумдарга жана каптоочу материалдарга натуралдык вибродинамикалык сыноо жүргүзүлдү.

Сыноо бүгүн Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институту тарабынан уюштурулду.

Иш-чара “Сейсмотуруктуу курулуш боюнча эл аралык эксперттер ассоциациясы” менен биргеликте өткөрүлүп, ага курулуш тармагынын адистери, курулуш компаниялары жана өндүрүш ишканаларынын өкүлдөрү катышты.

Маалыматка ылайык, институттун базасында атайын эки кабаттуу сыноо стенди курулуп, анда фасаддык материалдардын сейсмикалык туруктуулугу текшерилди.

Сыноо учурунда 8–9 баллдык жер титирөөнүн таасири моделденип, керамогранит, алюкобонд, ламинам жана фиброцементтик панелдердин бекемдиги менен коопсуздук деңгээли бааланды.

Белгиленгендей, мындай масштабдагы сыноо Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан бери биринчи жолу өткөрүлүп жатат. Анын негизги максаты — өлкөдө колдонулуп жаткан заманбап фасаддык материалдардын ишенимдүүлүгүн жана сейсмотуруктуулугун аныктоо.

Мындан тышкары окуңуз

Ошто балдардын өлүмүнүн санын азайтуу боюнча жыйын болду

Ошто балдардын өлүмүнүн санын азайтуу боюнча жыйын болду

Ош облусунда ымыркайлардын жана балдардын өлүмүн азайтуу маселелери боюнча штабдын жыйыны өтүп, ага Ош облусу боюнча саламаттык сактоо боюнча координатор Конуш Сакмаматов жана облустук саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилери катышты. Бул тууралуу Саламаттык сактоо  министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, балдардын өлүмүнүн учурдагы абалы, анын негизги себептери жана балдарга көрсөтүлүүчү

Каракол шаарындагы чоң көчөлөрдүн бири оңдолот

Каракол шаарындагы чоң көчөлөрдүн бири оңдолот

Каракол шаарындагы негизги көчөлөрүнүн бири болгон Алышбаев  көчөсүндө капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу Каракол шаардык мэриясынын басма сөз кызматы маалымдаады. Маалыматка ылайык, долбоордун алкагында Алышбаев көчөсү Карасаев көчөсүнөн баштап Чечерин көчөсүнө чейинки аралыгында узундугу 1 чакырым метр болгон жаңы эки тилкелүү асфальт жол курулат. Мындан тышкары, көчөнүн эки тарабына

Бишкек – Кант –Токмок жолуна асфальттын экинчи катмары төшөлүүдө

Бишкек – Кант –Токмок жолуна асфальттын экинчи катмары төшөлүүдө

Бишкек – Кант – Токмок унаа жолуна асфальт басуу уланууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, учурда аталган унаа жолдо асфальттын экинчи  катмарын төшөө иштери кызуу жүрүп, 2 чакырымына асфальт басылып бүттү.  Аны менен катар Лермонтов көчөсүнөн баштап, Калинин көчөсүн көздөй ортодогу тосмолор орнотулуп жана жарыктандыруу мамычалары

Адал-индустриянын талаптарын бузгандарга айып пул салынат

Адал-индустриянын талаптарын бузгандарга айып пул салынат

Президент Садыр Жапаров «Укук бузуулар жөнүндө кодекске өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзамга кол койду. Жаңы мыйзамга ылайык, адал өндүрүмдөрдү жана адал кызматтарды өндүрүү, сактоо, ташуу, сертификаттоо жана жүгүртүү боюнча талаптарды бузгандарга административдик жоопкерчилик киргизилди. Ага ылайык, жеке жактарга 7 500 сом, юридикалык жактарга 23 миң сом айып пул каралган. Ал эми