"Барскоон – Бедел" жолунда 2 туннель жана эстакадалык көпүрө курулуп жатат

"Барскоон – Бедел" жолунда 2 туннель жана эстакадалык көпүрө курулуп жатат

"Барскоон – Бедел" альтернативдүү унаа жолунун жалпы узундугу 161 чакырымды түзөт. Учурда жолдун бардык тилкеси боюнча геодезиялык жана инженердик-геологиялык изилдөөлөр аяктап, долбоордук документтер даярдалды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Азыркы тапта долбоордун негизги объектилеринин бири болгон "Сөөк" жана "Ашуу-Суу" туннелдеринде казуу иштери жүрүп жатат. Мындан тышкары, көпүрөлөрдүн конструкциялары үчүн свай кагуу иштери аткарылууда.

Курулуш иштерин камсыздоо максатында Карасай дарыясы аркылуу узундугу 60 метр болгон убактылуу көпүрө курулуп, пайдаланууга берилди.

Долбоордун алкагында жаңы унаа жолу, 50дөн ашык көпүрө, эки туннель жана бир катар коргоочу инженердик курулмалар салынат.

Учурда объектте 1 100дөн ашык жумушчу эмгектенүүдө. Жакынкы мезгилде алардын санын 1 500-2 500 адамга чейин көбөйтүү пландалууда.

Курулуш иштерине керектүү негизги техника жеткирилип, бетон заводдору, майдалоо комплекстери жана убактылуу өндүрүштүк базалар ишке киргизилди.

Долбоор белгиленген график боюнча ишке ашырылууда. Негизги курулуш иштерин 2029-жылы аяктап, объектти 2030-жылы пайдаланууга берүү пландалууда.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкектеги ири жол курулуштарынын жүрүшү текшерилди

Бишкектеги ири жол курулуштарынын жүрүшү текшерилди

Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев курулушу жана реконструкциясы жүрүп жаткан бир катар жол объектилерин кыдырып, долбоорлордун аткарылышы жана мөөнөтүнө таасир эткен көйгөйлөр менен жеринен таанышты. Мэриянын маалыматына ылайык, мэр Дүйшеев көчөсүнүн Чыңгыз Айтматов проспектисинен Байтик Баатыр көчөсүнө чейинки тилкесинде болду. Бул жерде узундугу 1,1 чакырымды түзгөн жаңы жол жана

Ысык-Көлдө мыйзамсыз курулган 30 объект аныкталды

Ысык-Көлдө мыйзамсыз курулган 30 объект аныкталды

Бишкек экологиялык прокуратурасы Ысык-Көл районунда экологиялык мыйзамдардын сакталышы боюнча жүргүзгөн текшерүүнүн жүрүшүндө Чолпон-Ата шаарындагы жана Бостери айылындагы туристтик эс алуу жайларында мыйзам бузууларды аныктады. Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, Ысык-Көл райондук шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын жооптуу кызматкерлери тазалоочу курулмалардын санитардык-коргоо зонасынын ичинде курулуш жүргүзүүгө мыйзамсыз

“Ала-Тоо Резорт” долбоору инвесторлорго тааныштырылды

“Ала-Тоо Резорт” долбоору инвесторлорго тааныштырылды

13-июлда Бишкекте “Ала-Тоо Резорт” долбоору потенциалдуу инвесторлорго тааныштырылды. Бул тууралуу аталган ишканадан билдиришти. Жолугушууга "Ала-Тоо Резорт" ААКсынын жетекчилиги, Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин өкүлдөрү жана инвесторлор катышты. Жолугушууда төрт мезгилде тең иштей турган курорттук шаарчанын курулушу жана алдыдагы пландар тууралуу маалымат берилди.

Чек арачылар мушташып, бирөөсүнүн жаагы сынды

Чек арачылар мушташып, бирөөсүнүн жаагы сынды

Мамлекеттик чек ара кызматы 13-июлда маалымат таратып, келишимдик негизде кызмат өтөгөн эки чек арачынын ортосундагы жаңжал тууралуу маалымат берди. Маалыматка караганда, 9-июлда инженердик иштерди аткарып жаткан келишимдик негиздеги эки аскер кызматкеринин ортосунда өз ара түшүнбөстүктөн улам жаңжал чыккан. “Окуянын кесепетинен аскер кызматкери С.Т. денесинен жаракат алган. Жабырлануучуга