Москва районунда ишке ашырылып жаткан инвестициялык долбоорлор аталды
Өлкө башчысы Садыр Жапаров бүгүн Москва районунун 2021-2026-жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жана мындан ары өнүктүрүү пландары менен таанышты.
Президенттин администрациясы билдиргендей, анда мамлекет башчысына акыркы жылдары райондо пайдаланууга берилген ири өнөр жай ишканалары тууралуу маалымат берилди.

Акыркы жылдары райондо:
- 410 млн сом инвестиция салынып, 40 жумуш орду түзүлгөн "Бай Элим Компани" консерва заводу курулган;
- "Тулпар Моторс" автомобилдерди чогултуучу заводунун курулушуна 4 млрд 375 млн сом инвестиция багытталып, 100 жумуш орду түзүлгөн;
- "Ак-Суу асыл тукум чарбасы" канаттуулар чарбасына салынган инвестициялардын көлөмү 450 млн сомду түзүп, 145 жумуш орду түзүлгөн.
Учурда райондо бир катар ири инвестициялык долбоорлор ишке ашырылууда;
- 1,2 млрд сом инвестиция көлөмүндөгү Ак-Суу декадалык жөнгө салуу бассейнинин курулушу уланууда.
Ал 2 048 га айыл чарба жерин сугаруу менен камсыз кылууга мүмкүндүк берет.
- 437,5 млн сомдук "Радуга Корм" балык тоютун өндүрүүчү заводдун, жалпы инвестиция көлөмү 40 млн АКШ долларын түзгөн чакан гидроэлектр станцияларынын;
- Инвестиция көлөмү 20 млн АКШ долларын түзгөн "United Concrete Canvas" ЖЧКсынын геосинтетикалык цемент-композиттик жабууларды өндүрүүчү заводунун курулушу жүрүп жатат.
Мындан тышкары, инвестиция көлөмү 4 млн АКШ долларын түзгөн "Таштан" фермердик чарбасынын жана баасы 3 млн АКШ долларын түзгөн "Кыргызцентрпродукт" ЖЧКсынын долбоорлору ишке ашырылууда.
Акыркы ишкананын өндүрүштүк кубаттуулугу жылына 20 миң тонна продукцияны түзөт.
Муну менен катар Ак-Торпок айылында 200 гектар аянтта индустриалдык-логистикалык парк түзүү пландалууда.
Долбоордо ишканаларды жана инвестицияларды тартуу үчүн даяр инфраструктурасы бар өндүрүш аянтчасын түзүү каралган.
Толук кубаттуулукка чыккандан кийин 350–500 туруктуу жумуш орду түзүлүп, жергиликтүү бюджетке салыктык түшүүлөр көбөйөт деп күтүлүүдө.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда
Каналга катталуу