Жарандык авиация агенттиги C5+1 конференциясына катышты
2026-жылдын 3–5-ноябрында Өзбекстандын Ташкент шаарында Кытай – Борбордук Азия (C5+1) жарандык авиация жаатындагы кызматташтык боюнча III конференциясы болуп өттү. Ага КРнын Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин делегациясы катышты.
Маалым болгондой, анда катышуучулар жарандык авиацияны өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелери, аймактык кызматташтыктын келечеги жана өлкөлөр ортосундагы өз ара аракеттенүүнү чыңдоо мүмкүнчүлүктөрү боюнча пикир алмашышты.

Иш-чаранын алкагында Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги менен Кытайдын Жарандык авиация башкармалыгынын (CAAC) өкүлдөрү эки тараптуу жолугушуу өткөрдү.
Анда эки өлкөнүн ортосундагы аба каттамдарын кеңейтүү, каттамдардын жыштыгын көбөйтүү жана кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү маселелери каралды.

Ошондой эле Өзбекстандын авиациялык бийлик органдарынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрүлүп, анда эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери жана аба каттамдарын мындан ары өнүктүрүү перспективалары каралды.

Конференциянын жыйынтыгында жарандык авиация жаатындагы кызматташтык боюнча C5+1 IV конференциясы 2027-жылы Кыргызстанда өткөрүлөрү белгиленди.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда
Каналга катталуу