Токмокто 5 жылда 28 социалдык объект пайдаланууга берилген

Токмокто 5 жылда 28 социалдык объект пайдаланууга берилген

Токмок шаарында 2021-2026-жылдары 28 социалдык объект пайдаланууга берилген. Бул тууралуу 7-ноябрда президент Садыр Жапаров шаардын  2021-2026-жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары менен таанышуу учурунда айтылды.

Алардын катарында жогорку билим берүү тармагындагы 11 объект, эки мектеп, алты бала бакча, беш кичи футбол талаасы, эки спорт зал, төрөт үйү, төрт парк жана бассейн бар.

Өлкө башчынын администрациясы маалымдагандай, акыркы жылдары 11 ири ишкана пайдаланууга берилип, 423 жумуш орду түзүлгөн. Мындан тышкары, 2 117 жумуш ордун камсыз кылган чакан жана орто бизнестин 201 ишканасы ачылган.

Жаңы өндүрүш объектилеринин катарында сыр өндүрүүчү ишкана, шиналарды кайра иштетүүчү завод, үч асфальт-бетон заводу, темир-бетон буюмдарын чыгаруучу завод, электр-техникалык жабдууларды өндүрүүчү ишкана, таш майдалоочу эки цех, ошондой эле пеноблок жана терезе өндүрүштөрү бар.

Ошондой эле Калкты тейлөө борборунун имараты, Шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын административдик имараты, 300 окуучуга ылайыкталган Д. Казакбаев атындагы № 14 мектептин окуу корпусу жана "Космос" кинотеатрынын имараты пайдаланууга берилген.

Мамлекеттик бюджеттин эсебинен 49 даана атайын техника жана 10 жүргүнчү ташуучу автобус сатып алынган.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads жана Х каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. 
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Экономика

Акыркы жаңылыктар

Баары

Ош шаарында жаңы Юстиция үйү ачылды

Нарында өнөр жай паркы түзүлөт

Бишкектеги паркка 85 түп эмен көчөтү отургузулду

Ысык-Атада 4 ири ишкананы пайдаланууга берүү пландалууда

Ошто 6 миң гектар жерге көчөт отургузулду