Манас шаарында 6 млн долларга жаңыланган сейил бак ачылды

Манас шаарында 6 млн долларга жаңыланган сейил бак ачылды

Манас шаарында толук жаңыланган "Манас" сейил багы расмий түрдө ачылды. Бул тууралуу аймактык өкүлчүлүктөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, долбоор мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн негизинде ишке ашырылып, ага жалпы 6 млн доллар инвестиция тартылган.

Парк толугу менен оңдолуп, заманбап жарыктандыруу системалары жана ландшафттык жасалгалар орнотулган. Ошондой эле балдар аттракциондору, спорттук жана воркаут аянтчалары, амфитеатр, эс алуу жайлары, коомдук тамактануу жана соода түйүндөрү курулган.

Мындан тышкары, сейил бактын аймагына толугу менен видеокөзөмөл орнотулган.

Ачылыш аземинде 200 аз камсыз болгон үй-бүлөнүн балдары жана "Ак-Жол" балдарды реабилитациялоо борборунун тарбиялануучулары аттракциондорго акысыз түшүштү.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте коомдук транспортто накталай эмес төлөмгө өтүү боюнча даярдык күчөтүлүүдө

Бишкекте коомдук транспортто накталай эмес төлөмгө өтүү боюнча даярдык күчөтүлүүдө

Бишкек шаарында коомдук транспортто накталай эмес төлөм системасын толук кандуу колдонууга өтүү боюнча даярдык иштери улантылууда. Жүргүнчүлөрдүн ыңгайлуулугу үчүн жол акысын төлөөнүн бир нече түрү жеткиликтүү: "Тулпар" транспорттук картасы, банктык карталар жана QR-код аркылуу төлөм жүргүзүү. Муниципалитеттен билдиргендей, накталай эмес төлөм системасы жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатууга, жүргүнчүлөрдүн

Эмгек акыны баалардын өсүшүнө жараша көбөйтүү каралууда

Эмгек акыны баалардын өсүшүнө жараша көбөйтүү каралууда

Жогорку Кеңештин Эмгек, саламаттык сактоо, аялдар иштери жана социалдык маселелер боюнча комитети 15-июнда эмгек акыны индексациялоого байланыштуу мыйзам долбоорун экинчи окууда жактырды. Парламенттин басма сөз кызматы белгилегендей, мыйзам долбоору кызматкерлердин эмгек акысынын чыныгы наркын сактоо жана инфляциянын таасирин азайтуу максатында иштелип чыккан. Демилгечилер – эл өкүлдөрү Гульнара Акимбаева, Равшанбек Рысбаев,

10 миң сомдон башталган бизнес: блогер-келин Моника онлайн дүкөн аркылуу ийгилик жаратууда

10 миң сомдон башталган бизнес: блогер-келин Моника онлайн дүкөн аркылуу ийгилик жаратууда

Социалдык тармактарда жүз миңдеген окурмандары бар блогер-келин Моника Рудзките азыркы учурда блогерлик менен ишкердикти ийгиликтүү айкалыштырып жатат. Улуту боюнча литва кызы, кыргыз жигитине турмушка чыгып, бөтөн элдин салт-санаасын, маданиятын өзүнүкүндөй кабыл алып, социалдык баракчасы аркылуу турмушундагы көз ирмемдерди ачык көрсөтүү менен элдин сый-урматына ээ болууда. Өз идеясын

Бишкекте Иманалиев көчөсүнүн бөлүгү оңдоо иштерине байланыштуу жабылат

Бишкекте Иманалиев көчөсүнүн бөлүгү оңдоо иштерине байланыштуу жабылат

Бишкек шаарында жол-транспорттук инфратүзүмдү жакшыртуу жана оңдоо иштеринин алкагында 16-июндан тарта Иманалиев көчөсүнүн 7-Апрель көчөсүнөн Жукеев-Пудовкин көчөсүнө чейинки бөлүгүндө унаалардын кыймылы убактылуу чектелет. Чектөө жол коопсуздугун камсыз кылуу жана курулуш иштерин өз убагында, сапаттуу аткаруу максатында киргизилүүдө. Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү