Соң-Көлдө жапайы канаттууларды байкоочу курулма орнотулду

Соң-Көлдө жапайы канаттууларды байкоочу курулма орнотулду

Нарын облусундагы Каратал-Жапырык мамлекеттик жаратылыш коругунун Соң-Көл участкасында канаттууларды байкоого ылайыкташкан атайын кароо курулмасы орнотулду. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары министрлиги билдирди.

Маалымдалгандай, курулма "Соң-Көл көлүнүн биологиялык ар түрдүүлүгүн сактоо жана жаратылыш ресурстарын туруктуу башкаруу" долбоорунун алкагында Батай-Арал аймагында орнотулган.

Бийиктиги 7 метр болгон темир конструкция жапайы канаттууларга жана алардын жашоо чөйрөсүнө зыян келтирбестен мониторинг жүргүзүүгө мүмкүндүк берет. Атайын дүрбү аркылуу эс алуучулар да канаттууларды табигый чөйрөсүндө байкоого шарт түзүлгөн.

Соң-Көл - Борбордук Азиядагы маанилүү суу-саздак аймактардын бири. Көл өрдөктөр, мойноктор, чулдуктар жана башка суу жээгинде жашаган жапайы канаттуулардын маанилүү жашоо чөйрөсү болуп саналат.

Мындан тышкары окуңуз

Мамлекеттик Думага шайлоо аяктады: “Единая Россия” 355 мандат алууга талапкер

Мамлекеттик Думага шайлоо аяктады: “Единая Россия” 355 мандат алууга талапкер

Россияда Мамлекеттик Думага шайлоодо үч күнгө созулган добуш берүү аяктап, алгачкы жыййынтыгы белгилүү болду. РФнын Борбордук шайлоо комиссиясынын алдын ала жыйынтыгына ылайык, президент Владимир Путиндин “Единая Россия” партиясы Мамлекеттик Думадагы 450 мандаттын 355ине ээ болушу мүмкүн. Бул партиянын буга чейинки көрсөткүчүнөн жогору. Добуштардын 95,16%ы эсептелген учурда “Единая Россия”

Ишкер Media
Аяз Баетов президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү болуп дайындалды

Аяз Баетов президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү болуп дайындалды

Кыргызстандын БУУдагы туруктуу өкүлү Аяз Баетов президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү болуп дайындалды. Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Дайындоо Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык жүргүзүлдү. Анын президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү катары жаңы милдеттери коомдук башталышта аткарылары белгиленди. Аяз Батыркулович

Ишкер Media
Ак-Ордо конушунда 4 мектеп жана 2 бала бакча курулуу каралган

Ак-Ордо конушунда 4 мектеп жана 2 бала бакча курулуу каралган

Бишкек шаарынын Ак-Ордо конушунда буга чейин мектеп болгон эмес. Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен конушка 4 мектеп жана 2 бала бакча куруу каралган. Бул тууралуу Курулуш министрлиги кабарлады. Маалыматка ылайык, сентябрь айында №104 мектептин 750 орундуу биринчи корпусу пайдаланууга берилген. Экинчи корпус ноябрда тапшырылат. Дагы бир мектептин курулушу 95%

Ишкер Media
Коргоо министрлигинин аскер кызматкери эл аралык мелдеште 1-орунду ээледи

Коргоо министрлигинин аскер кызматкери эл аралык мелдеште 1-орунду ээледи

Түркиянын Стамбул шаарында өткөн грэпплинг боюнча AIGA Global Grappling Series эл аралык мелдешинде Кыргызстандын аскер кызматкери жеңишке жетти. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, мелдеш 19-20-сентябрда өтүп, ага 13 өлкөнүн спортчулары катышкан. Intermediate, 62 кг салмак категориясында Коргоо министрлигинин 36806 аскер бөлүгүнүн сержанты Абдылбакы

Ишкер Media