КРнын Президенттигине талапкерлерге кол топтоо “Түндүк” тиркемеси аркылуу жүргүзүлөт

КРнын Президенттигине талапкерлерге кол топтоо “Түндүк” тиркемеси аркылуу жүргүзүлөт

Бүгүн, Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында “КРнын Президентинин кызмат ордуна талапкерди колдогон шайлоочулардын колдорун чогултуу тартиби жөнүндө” жана “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Кол чогултуу” автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө” жоболор бекитилди.

Жобого ылайык колдорду чогултуу “Кол чогултуу” автоматташтырылган маалыматтык тутуму аркылуу, “Түндүк” мамлекеттик электрондук кызмат көрсөтүүлөр порталынын жардамы менен жүргүзүлөт.

БШКнын маалыматына караганда, “Түндүк” порталы аркылуу шайлоочунун инсандыгы электрондук түрдө ырасталып, ал тандалган талапкерди колдоосун билдире алат. Колдоо катталгандан кийин тиешелүү маалыматтар, ошондой эле колдоону билдирген күн жана убакыт маалыматтык тутумда автоматтык түрдө катталат.

Электрондук форматка өтүү колдорду чогултуу жана эсепке алуу процессин автоматташтырууга, кагаз документ жүгүртүүнү азайтууга, убакытты үнөмдөөгө жана техникалык каталардын тобокелдигин төмөндөтүүгө мүмкүндүк берет.

Мындан тышкары, талапкерлер үчүн чогултулган колдордун саны тууралуу маалыматтарды ыкчам алуу жана кол чогултуу процессинин ачыктыгын камсыз кылууга шарт түзөт.

Шайлоочулардын колдорун чогултуу жол-жобосун электрондук форматка өткөрүү – шайлоо процессинде заманбап санариптик технологияларды колдонуу, ошондой эле шайлоочулардын колдорун чогултуунун, каттоонун, эсепке алуунун жана кол коюу барактарын түзүүнүн бирдиктүү тартибин белгилөөгө мүмкүндүк берет.

Мындан тышкары окуңуз

2026-жылы 10597 үй-бүлө менен социалдык контракт түзүлдү

2026-жылы 10597 үй-бүлө менен социалдык контракт түзүлдү

2026-жылы Кыргызстанда “Социалдык контракт» программасынын алкагында 10597 аз камсыз болгон жана жакыр үй-бүлө менен келишим түзүлдү. Жыл аягына чейин дагы 2 737 үй-бүлөнү программага тартуу пландаштырылууда. Эмгек, социалдык камсыздоо министрлигинин маалыматына ылайык, быйыл жалпысынан 13 334 үй-бүлө менен социалдык контракт түзүү каралган. Учурда программага катышуу үчүн

Ишкер Media
Чүйдө уруксатсыз курулуп жаткан май куюучу жайга айып салынды

Чүйдө уруксатсыз курулуп жаткан май куюучу жайга айып салынды

Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Чүй региондук башкармалыгы Кемин районундагы курулушка пландан тышкаркы текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, текшерүү учурунда Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнө караштуу 225-контурда салынып жаткан көп функционалдуу май куюучу жайдын долбоордук жана уруксат берүүчү документтери жок экени аныкталган. Аныкталган мыйзам бузуу боюнча

Ишкер Media
Араванда 35 млн сомго оңдолгон "Жаштар борбору" ачылды

Араванда 35 млн сомго оңдолгон "Жаштар борбору" ачылды

Араван районунун Достук айыл аймагындагы Пахта-Абад айылында "Жаштар борбору" пайдаланууга берилди. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү билдирди. Маалымдалгандай, ачылыш аземге облус башчысы Аманкан Кенжебаев, Өзбекстандан келген делегация, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана айыл тургундары катышты. Иш-чара эки элдин достугун бекемдөөгө арналып, концерт жана кол өнөрчүлүк көргөзмөсү

Ишкер Media
Жалал-Абадда 15 млн сомго курулган спорт зал ачылды

Жалал-Абадда 15 млн сомго курулган спорт зал ачылды

Жалал-Абад облусунун Багыш айыл аймагына караштуу Орто-Сай айылында көптөн күтүлгөн спорт зал ачылды. Бул тууралуу Сузак райондук мамлекеттик администрациясынан кабарлашты. Маалымдалгандай, спорт зал айыл тургундарынын демилгеси менен курула баштап, каражат жетишсиздигинен 10 жыл бою токтоп турган. Быйыл жергиликтүү бийликтин демилгеси менен президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү

Ишкер Media