Кыргыз сомун төлөмгө кабыл алуудан баш тарткан компанияга 13 миң сом айып салынды

Кыргыз сомун төлөмгө кабыл алуудан баш тарткан компанияга 13 миң сом айып салынды

КРнын Улуттук банкы улуттук валюта - сомду төлөм катары кабыл алуудан негизсиз баш тарткандыгы үчүн Бишкек шаарындагы юридикалык жакка 13 миң сом өлчөмүндө айып пул салды. Мындай билдирүүнү Улуттук банктан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, компания Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын бузган. Тактап айтканда, улуттук валютанын акча белгилерин төлөм каражаты катары кабыл алуудан негизсиз баш тарткан.

Улуттук банк сом Кыргыз Республикасынын аймагындагы мыйзамдуу төлөм каражаты экенин белгилейт. Ошондуктан товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдү мыйзамда белгиленген талаптарга ылайык улуттук валютада кабыл алуудан негизсиз баш тартууга жол берилбейт.

☝🏻
Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 3-главасы, 35-статьясы: "Кыргыз Республикасында улуттук акча бирдиги - сом болуп эсептелет. Сом мыйзамдуу төлөм каражаты болуп эсептелет, Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында көрсөтүлгөн наркы боюнча милдеттүү түрдө кабыл алынат. Төлөмдөр Кыргыз Республикасынын аймагында накталай жана накталай эмес эсептешүүлөр (анын ичинде санарип сом менен эсептешүүлөр) түрүндө жүзөгө ашырылат. Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк валюта менен эсептешүүнүн учурлары, тартиби жана шарттары Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдары менен аныкталат".

Мындан тышкары окуңуз

Чек арадан ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүчү туруктуу канал аныкталды

Чек арадан ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүчү туруктуу канал аныкталды

УКМК Чек ара кызматы менен биргеликте Баткен облусунун аймагында КРнан Тажикстан Республикасына мамлекеттик чек ара аркылуу ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүнүн туруктуу каналын аныктап, ага бөгөт койду. Соттун санкциясы менен жүргүзүлгөн атайын тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө КРнын жарандарынын тобу тарабынан өздөрүнүн кылмыштуу ишмердүүлүгүн жашыруу максатында, колдоо көрсөтүп туруу

Ишкер Media
Салык түшүүлөр 309 млрд сом болуп, план ашыгы менен аткарылды

Салык түшүүлөр 309 млрд сом болуп, план ашыгы менен аткарылды

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков Кыргызстандын салык системасы экономиканын өсүү темпине жетише албай жатат деген маалыматты четке какты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. Анын айтымында, мындай билдирүүлөр чындыкка дал келбейт. Акыркы жылдары Салык кызматы салыктык башкарууну жакшыртып, көмүскө экономиканы кыскартуу боюнча иш алып барууда. 2025-

Ишкер Media
Бажыны санариптештирүү жана бизнес менен өнөктөштүк форуму болду

Бажыны санариптештирүү жана бизнес менен өнөктөштүк форуму болду

Бүгүн, “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында “Заманбап бажы: санариптик трансформация, эл аралык кызматташтык жана бизнес менен өнөктөштүк” аттуу форум болуп өттү. Иш-чаранын уюштуруучусу, Мамлекеттик бажы кызматынын маалыматына караганда,  ага бажы кызматынын, "МБИ" ААКтын, "Бирдиктүү терезе" борборунун, "Салык Сервис", "Кызмат" ишканаларынын өкүлдөрү, Электрондук

Ишкер Media
Ошто жаңыланган чек ара комплекси пайдаланууга берилди

Ошто жаңыланган чек ара комплекси пайдаланууга берилди

Бүгүн Ош шаарында Мамлекеттик чек ара кызматынын Ош облусу боюнча башкармалыгынын жаңыланган комплекси ачылды. Бул тууралуу шаардык мэрия кабарлады. Маалыматка ылайык, салтанатка президент Садыр Жапаров катышты. Реконструкцияда штаб, казарма, ашкана, медпункт, спорт комплекси жана турак жайлар толук жаңыртылды. Иш-чарада онлайн форматта дагы 2 объект - Чүйдөгү "Ойронду" жана

Ишкер Media