Бишкекте айыл чарба көргөзмө-жарманкеси болот
23-25-октябрь күндөрү Бишкектеги Т.Усубалиев атындагы аянтта "АгроТехЭкспо – 2026" жана "Алтын күз" көргөзмө-жарманкеси уюштурулат. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, иш-чара саат 10:00дөн 17:00гө чейин уюштурулуп, айыл чарба кызматкерлеринин кесиптик майрамына арналат.
Көргөзмөдө айыл чарба продукциялары социалдык баада сатылып, асыл тукум мал, балык чарбасы жана айыл чарба техникалары көрсөтүлөт. Мындан тышкары, заманбап технологиялар жана санариптик чечимдер сунушталат.
Үч күнгө созулуучу жарманкеден шаар тургундары жана коноктору айыл чарбасындагы жаңы технологиялар жана ата мекендик өндүрүштүн жетишкендиктери менен тааныша алышат.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда
Каналга катталуу