Азия оюндары: Мээрим Жуманазарова менен Асан Жанышов жарым финалга чыкты

Азия оюндары: Мээрим Жуманазарова менен Асан Жанышов жарым финалга чыкты

Бүгүн Азия оюндарында күрөш боюнча мелдештер уланууда. Кыргызстандын курамынан Мээрим Жуманазарова менен Асан Жанышов чейрек финалда атаандаштарын жеңип, жарым финалга жолдомо алышты. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.

Билдирүүгө караганда, кыз-келиндер күрөшүнүн 68 кг чейинки салмак категориясынын чейрек финалында Кыргызстандын өкүлү Мээрим Жуманазарова Өзбекстандын спортчусу Фируза Эсенбаева менен беттешти. Мекендешибиз кармашта толук үстөмдүк көрсөтүп, атаандашын 8:0 эсебинде жеңди. Жуманазарова ушуну менен мелдештин жарым финалына чыкты.

Ал эми эркектер арасындагы 87 кг чейинки салмак категориясынын чейрек финалында Асан Жанышов Өзбекстандын өкүлү Жалгасбай Бердимуратов менен күч сынашты. Жанышов атаандашына бир да упай бербей, 4:0 эсебинде жеңишке жетип, жарым финалга жолдомо алды.

Мындан сырткары, грек-рим күрөшүндө 130 кг чейинки салмак категориясында Кыргызстандын балбаны Мурат Ботоев чейрек финалда Ирандын өкүлү Амин Мирзазаде менен беттешип, кармаштын жыйынтыгында ирандык балбан 7:0 эсебинде жеңишке жетти. Муну менен Ботоев мелдештин кийинки баскычына өтө алган жок.

Мындан тышкары окуңуз

Чек арадан ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүчү туруктуу канал аныкталды

Чек арадан ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүчү туруктуу канал аныкталды

УКМК Чек ара кызматы менен биргеликте Баткен облусунун аймагында КРнан Тажикстан Республикасына мамлекеттик чек ара аркылуу ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүнүн туруктуу каналын аныктап, ага бөгөт койду. Соттун санкциясы менен жүргүзүлгөн атайын тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө КРнын жарандарынын тобу тарабынан өздөрүнүн кылмыштуу ишмердүүлүгүн жашыруу максатында, колдоо көрсөтүп туруу

Ишкер Media
Салык түшүүлөр 309 млрд сом болуп, план ашыгы менен аткарылды

Салык түшүүлөр 309 млрд сом болуп, план ашыгы менен аткарылды

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков Кыргызстандын салык системасы экономиканын өсүү темпине жетише албай жатат деген маалыматты четке какты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. Анын айтымында, мындай билдирүүлөр чындыкка дал келбейт. Акыркы жылдары Салык кызматы салыктык башкарууну жакшыртып, көмүскө экономиканы кыскартуу боюнча иш алып барууда. 2025-

Ишкер Media
Бажыны санариптештирүү жана бизнес менен өнөктөштүк форуму болду

Бажыны санариптештирүү жана бизнес менен өнөктөштүк форуму болду

Бүгүн, “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында “Заманбап бажы: санариптик трансформация, эл аралык кызматташтык жана бизнес менен өнөктөштүк” аттуу форум болуп өттү. Иш-чаранын уюштуруучусу, Мамлекеттик бажы кызматынын маалыматына караганда,  ага бажы кызматынын, "МБИ" ААКтын, "Бирдиктүү терезе" борборунун, "Салык Сервис", "Кызмат" ишканаларынын өкүлдөрү, Электрондук

Ишкер Media
Ошто жаңыланган чек ара комплекси пайдаланууга берилди

Ошто жаңыланган чек ара комплекси пайдаланууга берилди

Бүгүн Ош шаарында Мамлекеттик чек ара кызматынын Ош облусу боюнча башкармалыгынын жаңыланган комплекси ачылды. Бул тууралуу шаардык мэрия кабарлады. Маалыматка ылайык, салтанатка президент Садыр Жапаров катышты. Реконструкцияда штаб, казарма, ашкана, медпункт, спорт комплекси жана турак жайлар толук жаңыртылды. Иш-чарада онлайн форматта дагы 2 объект - Чүйдөгү "Ойронду" жана

Ишкер Media