Казакстан 2027-жылы 99 млн тоннага жакын мунай өндүрүүнү пландаштырууда

Казакстан 2027-жылы 99 млн тоннага жакын мунай өндүрүүнү пландаштырууда

Казакстан 2027-жылы болжол менен 99 млн тонна мунай өндүрүүнү көздөп жатат. Бул тууралуу өлкөнүн энергетика министри Ерлан Аккенженов билдиргенин ТАСС агенттиги жазып чыкты.

Министрдин айтымында, 2026-жылы мунай өндүрүү көлөмү 96 млн тонна болот деп күтүлүүдө. Учурда кийинки жылга карата өндүрүштүн көлөмү такталып жатат.

Буга чейин Казакстандын Энергетика министрлиги 2026-жылга карата мунай өндүрүү планына өзгөртүү киргизген. Буга Теңиз кениндеги өндүрүштүк үзгүлтүк жана Каспий куур консорциумунун инфраструктурасына жасалган чабуулдар себеп болгон.

Белгилей кетсек, Казакстанда 2025-жылы 99,55 млн тонна мунай өндүрүлгөн.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads жана Х каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

Ошто бир жер тилкесин эки жолу саткан деп шектелген жаран кармалды

Финансы министрлигинин 51 аймактык бөлүмүнүн жетекчилери квалификациясын жогорулатууда

Ленин районунун тургундары мэриянын өкүлдөрүнө бир катар маселелер менен кайрылышты

Бишкектиктер көмүрдү ислам каржылоо аркылуу бөлүп төлөп, сатып ала алышат

Өзүн прокуратуранын өкүлү катары тааныштырып, алдамчылык кылган аял аныкталды