Ошто бир жер тилкесин эки жолу саткан деп шектелген жаран кармалды
Ош шаарында жарандардын ишенимине кирип, бир эле жер тилкесин эки жолу саткан деп шектелген жаранга карата кылмыш иши козголду. Шектүү камакка алынды. Бул тууралуу Ош шаардык ИИБнан маалымдады.
Маалыматка ылайык, 2026-жылдын июнь айында Ош шаарынын Керме-Тоо айылындагы 6,88 сотых жер тилкесин жана 12 сотых үлүш жерди сатуу боюнча интернетке жарыя жайгаштырылган. Сатуучулар жер тилкелеринин документтери маркум адамдын атына катталганына карабастан, аларды 10 күндүн ичинде бүтүрүп берүүнү убада кылышкан.
Тергөөдө аныкталгандай, шектүүлөрдүн бири 6,88 сотых жер тилкесин 2026-жылдын 13-июлунда мурас катары өз атына каттатып, кийин аны башка жаранга 2 млн 250 миң сомго сатып, документтерин жаңы сатып алуучунун атына өткөрүп берген. Ал эми алгачкы сатып алуучуга жердин документтери бүткөрүлгөнүн билдирбей, тилкени өткөрүп берүүдөн баш тарткан.
Бул факты боюнча 2026-жылдын 16-октябрында Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон. Шектүү катары Б.Р. аттуу жаран тергөөгө жеткирилип, соттун чечими менен камакка алынган.
Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.