Финансы министрлигинин 51 аймактык бөлүмүнүн жетекчилери квалификациясын жогорулатууда
Кыргызстандын Финансы министрлигине караштуу Финансы академиясында министрликтин 51 аймактар аралык жана аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилери үчүн квалификацияны жогорулатуу программасы башталды.
Финансы министрлигинин маалыматына ылайык, программанын ачылышына финансы министринин орун басары Улугбек Календеров катышып, жетекчилердин кесиптик деңгээлин үзгүлтүксүз жогорулатуу жана алган билимдерин иш жүзүндө натыйжалуу колдонуу маанилүү экенин белгиледи.
Окуунун биринчи күнүндө коррупциянын алдын алуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Башкы прокуратуранын коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Нурсултан Ташыбек уулу жана Ички иштер министрлигинин Республикалык окуу борборунун жетекчиси Бакыт Дубанаев коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алуу механизмдери тууралуу маалымат беришти.
Ошондой эле катышуучуларга коррупциялык укук бузууларга барууга көндүрүү аракеттери жөнүндө кабарлоо тартиби боюнча видеоматериалдар көрсөтүлдү.
Мындан тышкары, семинардын алкагында бюджеттик мекемелердин атайын каражаттарын пландаштыруу, жергиликтүү бюджеттерге теңдөөчү трансферттерди берүү, жергиликтүү бюджеттердин аткарылышы боюнча отчетторду түзүү жана жарандардын кайрылууларын кароо тартиби талкууланды.
Жарандардын кайрылуулары боюнча 2026-жылдын тогуз айындагы көрсөткүчтөр 2025-жылдын ушул мезгилиндеги маалыматтар менен салыштырылып талданды.
Квалификацияны жогорулатуу программасынын алкагындагы окуулар уланууда. Анын кийинки этабында Россиянын Финансы министрлигине караштуу Финансылык изилдөөлөр илимий институтунун (НИФИ) эксперттеринин катышуусунда демилгелүү бюджеттөө боюнча семинар өткөрүлөт.