Өзүн прокуратуранын өкүлү катары тааныштырып, алдамчылык кылган аял аныкталды

Өзүн прокуратуранын өкүлү катары тааныштырып, алдамчылык кылган аял аныкталды

Бишкекте өзүн прокуратуранын полковниги катары тааныштырып, алдамчылык менен алектенген аялдын мыйзамсыз аракеттерине бөгөт коюлду. Бул тууралуу ИИМнин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын ИИББнын кызматкерлери тарабынан 1988-жылы туулган, буга чейин бир нече жолу кылмыш жоопкерчилигине тартылган Э.У. аттуу жаран алдамчылыкка шектелип кармалды.

Тергөө органдарынын маалыматына ылайык, аталган жаран арыз ээсинин ишенимине кирип, өзүн Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын кызматкери катары тааныштырып, прокуратура органдарынын полковнигинин погондору тагылган формалык кийимди мыйзамсыз кийип жүргөн.  
Шектүү - жабырлануучунун ишениминен кыянаттык менен пайдаланып, ар кандай шылтоолор менен акча каражаттарын алган. Ал арыз ээсине мейманкана бизнесин ачууга көмөк көрсөтүүнү, кызын Кембридж университетине киргизүүнү, Түркияга туристтик жолдомону арзандатылган баада сатып берүүнү, батир алууга жардам берүүнү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын ишмердүүлүгүнө байланыштуу делген башка маселелерди чечип берүүнү убада кылган.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Ленин районунун тургундары мэриянын өкүлдөрүнө бир катар маселелер менен кайрылышты

Казакстан 2027-жылы 99 млн тоннага жакын мунай өндүрүүнү пландаштырууда

Бишкектиктер көмүрдү ислам каржылоо аркылуу бөлүп төлөп, сатып ала алышат

Кыргызстан аймакта биринчи болуп БУУнун темир жол конвенциясына кошулду

Кыргызстан СПЕКАнын трасттык фондуна 1 млн доллар бөлдү