Ленин районунун тургундары мэриянын өкүлдөрүнө бир катар маселелер менен кайрылышты
Ленин районунун тургундары мэрияга жол, коомдук транспорт жана жер мунапысы боюнча маселелерди көтөрүштү. Бишкек шаарынын мэринин орун басары Рахат Мусаева жана Ленин районунун башчысы Тариел Айтиев райондун тургундары менен жолугушуп, шаардык инфраструктурага байланыштуу көйгөйлөрдү талкуулашты.
Бишкек мэриясынын маалыматына ылайык, жолугушуу 2026-жылдын 3-ноябрында шаардык кызматтардын жана түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилеринин катышуусунда өттү.
Анда тургундар коомдук транспорттун иши, аялдамаларды орнотуу жана көрктөндүрүү, жолдорду куруу жана оңдоо, жер мунапысы, автобус каттамдарын уюштуруу сыяктуу маселелерди көтөрүштү.
Жолугушуунун жыйынтыгында тиешелүү шаардык кызматтардын жетекчилерине айтылган кайрылууларды ар тараптуу карап чыгып, зарыл чараларды көрүү тапшырылды.
Мындай жолугушуулар шаар тургундарынын көйгөйлөрүн жеринде аныктап, аларды чечүүгө багытталган.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда
Каналга катталуу