Бишкектиктер көмүрдү ислам каржылоо аркылуу бөлүп төлөп, сатып ала алышат

Бишкектиктер көмүрдү ислам каржылоо аркылуу бөлүп төлөп, сатып ала алышат

Бишкек шаарынын тургундары көмүрдү ислам каржылоосунун «Мурабаха» принциби боюнча 3 айдан 12 айга чейинки мөөнөткө бөлүп төлөп сатып ала алышат. Бул тууралуу «Кыргызкөмүр» ААК маалымдады.

Маалыматка ылайык, кызматташтыктын алкагында 2026-жылдын 3-ноябрынан тартып көмүр сатып алуунун жаңы төлөм механизми ишке киргизилди. Демилге калктын кышкы жылытуу мезгилине даярданышына жана көмүрдү ыңгайлуу шарттарда сатып алышына багытталган.
“Мурабаха” — ислам каржылоосунун соодага негизделген түрү. Анда товардын баасы жана үстөк акысы тараптардын ортосунда алдын ала макулдашылат. Мисалы, жалпы баасы 14 миң сом болгон эки тонна көмүрдү 12 айга бөлүп төлөөдө үстөк акы 1 миң 700 сомду түзөт.

Бөлүп төлөө мүмкүнчүлүгүнөн пайдалануу үчүн жарандардын оң кредиттик тарыхы болушу жана каржылоочу тараптын талаптарына жооп бериши зарыл. Көмүрдү аталган шарттар менен Бишкек шаарындагы белгиленген отун базаларынан сатып алууга болот.

“Кыргызкөмүр” ААК маалымдагандай, жылытуу мезгилинин алдында калк үчүн көмүр сатып алуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана жеткиликтүү төлөм механизмдерин киргизүү иштери улантылууда.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Ошто бир жер тилкесин эки жолу саткан деп шектелген жаран кармалды

Финансы министрлигинин 51 аймактык бөлүмүнүн жетекчилери квалификациясын жогорулатууда

Ленин районунун тургундары мэриянын өкүлдөрүнө бир катар маселелер менен кайрылышты

Казакстан 2027-жылы 99 млн тоннага жакын мунай өндүрүүнү пландаштырууда

Өзүн прокуратуранын өкүлү катары тааныштырып, алдамчылык кылган аял аныкталды