Аламүдүн районунун инфраструктурасын өнүктүрүүгө 2 млрд сомго жакын каражат керек
Мамлекет башчысы Садыр Жапаров Аламүдүн районунун социалдык-экономикалык өнүгүүсү менен таанышты. Бул тууралуу президенттик администрация кабарлады.
Маалымдалгандай, Аламүдүн районундагы биринчи кезектеги инфраструктуралык муктаждыктарды ишке ашыруу үчүн болжол менен 2 млрд сом талап кылынары айтылды.
Алардын катарында:
- жергиликтүү маанидеги 35 чакырым жолду асфальттоо;
- Октябрь жана Васильев айылдарында маданият үйлөрүн куруу;
- Ленин, Арашан жана С. Чокморов айылдарындагы маданият үйлөрүн капиталдык оңдоодон өткөрүү;
- Кара-Жыгач, Мраморное, Гроздь, Виноградное жана Октябрь айылдарында тазалоочу курулмаларды жана канализациялык тармактарды куруу;
- эки көпүрө куруу;
- Кара-Жыгач айылында спорт залын куруу маселелери бар.
Аталган долбоорлорду ишке ашыруу райондогу жол, суу чыгаруу, маданият жана спорт инфраструктурасын жакшыртууга багытталган.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда
Каналга катталуу