Кыргызгидромет: шашылыш билдирүү

Кыргызгидромет: шашылыш билдирүү

Аномалдуу ысык аба-ырайынан кийин 2026-жылдын 10-ноябрында күндүз жана

11-ноябрында Кыргызстандын аймагында аба-ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт. Эртең күндүз мезгил-мезгили менен жаан, 11-ноябрда жаан карга айланышы, тоолуу райондордо кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

Кыргызгидрометтин билдирүүсүнө караганда, айрым жерлерде туман түшүшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге жетип, тоолуу райондоро жолдор тоңголок жана тайгак болот. 11-13-ноябрларда абанын температурасы төмөндөйт:

-          Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -4° +1° жылуулукка чейин, күндүз 2…7° чейин,
-          Талас өрөөнүндө түнкүсүн 0-5° суукка чейин, күндүз 1…6° чейин,
-          Ош, Жалал-Абад, Баткен өрөөндөрүндө түнкүсүн 1…6°, күндүз 4…9° чейин,
-          Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -4°+1° чейин, күндүз 3…8° чейин,
-          Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -4…-9° суукка чейин, күндүз 2…7° чейин болушу күтүлөт.

Республиканын тоо этектериндеги райондорунда түнкүсүн -1…-6° суукка чейин, күндүз -4° …+1° жылуулукка чейин, тоолуу райондорунда түнкүсүн -4…-9° суукка чейин, күндүз -3° …+2° жылуулукка чейин болот. Суусамыр өрөөнүндө жана бийик тоолуу райондорунда түнкүсүн -10…-15°, күндүз -2…-7° суукка чейин төмөндөйт.

👉🏻
Мындай туруксуз аба ырайы - энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат. Катуу жаан-чачын жааган убакта автожолдордо көрүү аралыгы төмөндөп, автоунаалардын кыймылдоосун кыйындатат.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

Бир жумада сасык тумоо жана КРВИнин 10,9 миң учуру катталды

БУУнун СЕФАКТ форумунда транзиттик коридорлорду санариптештирүү маселеси талкууланды

Ошто мыйзамсыз курулуп жаткан кафенин ээсине 200 миң сом айып салынды

Кыргызстандык ишкана Кытайдан өндүрүш жабдууларын алуу мүмкүнчүлүгүн караштырууда

Кыргызстанда мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри бекитилди