Ошто мыйзамсыз курулуп жаткан кафенин ээсине 200 миң сом айып салынды
Ошто мыйзамсыз курулуп жаткан эки кабаттуу кафе буздурулуп, ээсине 200 миң сом айып пул салынды.
Курулуш министрлигинен кабарлагандай, аталган объект Ош шаарынын А. Шакиров көчөсүндо жайгашкан.
Буга чейинки текшерүүнүн курулуш иштеринде мыйзам талаптарынын бузулушуна жана бекитилген долбоордон четтөөлөргө жол берилгендиги боюнча тиешелүү акт түзүлүп, мыйзам бузууларды жоюу жөнүндө жазуу түрүндө эскертүү берилген.
Мындан тышкары, курулуш ээсине аныкталган мыйзам бузуулар, курулуш ченемдери менен эрежелеринин талаптары жана бекитилген долбоордон четтөөлөр боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.
Маалыматка караганда, аныкталган мыйзам бузуулар үчүн кафенин ээси Хасан Хусанов административдик жоопкерчиликке тартылып, 200 000 сом өлчөмүндө айып пул салынган.
Көрүлгөн чаралардын жана жүргүзүлгөн түшүндүрүү иштеринин жыйынтыгында, 7-ноябрдан бери кафенин ээси курулуп жаткан объектини өз ыктыяры менен буздурууда.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда
Каналга катталуу