БУУнун СЕФАКТ форумунда транзиттик коридорлорду санариптештирүү маселеси талкууланды

БУУнун СЕФАКТ форумунда транзиттик коридорлорду санариптештирүү маселеси талкууланды

Экономика жана коммерция министрлигинин өкүлү Айдарбек Самыкбаев Женева шаарындагы Улуттар сарайында өткөн БУУнун СЕФАКТтын 45-форумунун алкагында уюштурулган "Транзиттик коридорлор боюнча санариптик байланыштуулукту жогорулатуу: саясат боюнча сунуштардан практикалык ишке ашырууга чейин" аттуу саясий диалогго катышты.

Диалог БУУнун Европалык экономикалык комиссиясынын № 50 "Транзиттик коридорлор боюнча санариптик байланыштуулукту жогорулатуу" сунуштамасынын долбооруна арналды.

Министрликтен билдиргендей, документ соода жана транспорт коридорлорун санариптештирүү үчүн саясий жана институционалдык механизмдерди сунуштайт.

Анда этап-этабы менен ишке ашырылуучу ыкма каралган. Ал ченемдик укуктук базаны өнүктүрүүнү, маалыматтык системалардын өз ара шайкештигин жана маалыматтарды ишенимдүү алмашууну камсыздоону, санариптик жетилүү деңгээлин жогорулатууну, эл аралык стандарттарды колдонууну жана пилоттук долбоорлорду ишке ашырууну камтыйт.

Өз сөзүндө Айдарбек Самыкбаев деңизге түз чыгуучу жолу жок өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн жана Борбор Азия мамлекеттеринин транзиттик коридорлорду санариптештирүү, чек ара аралык системалардын өз ара шайкештигин камсыздоо жана аймактык байланыштуулукту өнүктүрүү жаатындагы келечеги тууралуу маалымат берди.

Катышуучулардын сын-пикирлери жана сунуштары коомдук талкуунун жүрүшүндө жана БУУнун СЕФАКТтын № 50 сунуштамасын акыркы редакцияда иштеп чыгууда эске алынат.

Маалымат үчүн: БУУнун СЕФАКТ борбору (Соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү жана электрондук ишкердик операциялары боюнча БУУнун борбору) соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү жана маалыматтарды электрондук алмашуу жаатында эл аралык стандарттарды жана сунуштамаларды иштеп чыгат.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Экономика

Акыркы жаңылыктар

Баары

10 айда Салык кызматы 288,5 млрд сом, Бажы кызматы 155,6 млрд сом чогултту

Бир жумада сасык тумоо жана КРВИнин 10,9 миң учуру катталды

Кыргызгидромет: шашылыш билдирүү

Ошто мыйзамсыз курулуп жаткан кафенин ээсине 200 миң сом айып салынды

Кыргызстандык ишкана Кытайдан өндүрүш жабдууларын алуу мүмкүнчүлүгүн караштырууда