Кыргызстанда мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри бекитилди

Кыргызстанда мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри бекитилди

КРнын Экономика жана коммерция министрлиги 2026-жылдын 30-октябрындагы № 224 буйругу менен Кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин бекитти.

Реестр 2026-жылдын 17-июлундагы № 113 Мыйзамды ишке ашыруунун алкагында иштелип чыккан жана үч бөлүмдү камтыйт:

  • мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр;
  • муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр;
  • жарандык-укуктук мүнөздөгү кызмат көрсөтүүлөр.
Реестрдин негизги максаты — кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө маалыматты системалаштыруу, ачык-айкындуулукту камсыз кылуу жана жарандар менен ишкерлер үчүн керектүү маалыматты алууну жеңилдетүү.
"Буйрук күчүнө киргенден тартып 10 жумушчу күндүн ичинде кызмат көрсөтүүлөрдүн администраторлору жана аткаруучулары расмий сайттардагы жана башка маалымат каналдарындагы маалыматтарды бекитилген Реестрге ылайык келтирүүгө тийиш", - деп айтылат маалыматта.

Кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри менен Экономика жана коммерция министрлигинин расмий сайтындагы шилтеме аркылуу таанышууга болот.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads жана Х каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. 
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Экономика

Акыркы жаңылыктар

Баары

Кыргызгидромет: шашылыш билдирүү

Ошто мыйзамсыз курулуп жаткан кафенин ээсине 200 миң сом айып салынды

Кыргызстандык ишкана Кытайдан өндүрүш жабдууларын алуу мүмкүнчүлүгүн караштырууда

Москвада КМШга мүчө өлкөлөрдүн коопсуздук кеңештеринин катчылары чогулушту

Калктын жугуштуу ооруларга каршы иммунитети изилденүүдө