Кыргызстандык ишкана Кытайдан өндүрүш жабдууларын алуу мүмкүнчүлүгүн караштырууда

Кыргызстандык ишкана Кытайдан өндүрүш жабдууларын алуу мүмкүнчүлүгүн караштырууда

“Мамлекеттик финансылык холдинг” ААКтын башкармасынын төрагасы Элдияр Доолбеков Шанхай шаарында өтүп жаткан 9-Кытай эл аралык импорт көргөзмөсүнүн алкагында кыргызстандык “Ала-Тоо Амир” ЖЧКсынын өкүлдөрү менен бирге желим бөтөлкөлөрдү жана башка идиштерди чыгарууга арналган жабдууларды өндүрүүчү кытайлык ишканага барды.

Мекеменин маалыматына караганда, иш сапардын жүрүшүндө тараптар заманбап өндүрүш технологиялары, жабдуулардын мүмкүнчүлүктөрү жана өндүрүш процесстерин уюштуруу менен таанышкан.

“Ала-Тоо Амир” ЖЧКсы сүт азыктарын жана улуттук салттуу табигый суусундуктарды өндүрүүгө адистешкен. Ишкана “Ош облусун жана Ош шаарын региондук экономикалык өнүктүрүү” долбоорунун алкагында 35 млн сом өлчөмүндө бюджеттик насыя алган.

China International Import Expo (CIIE 2026) көргөзмөсүндө кыргызстандык өндүрүүчүлөрдүн продукциялары да сунушталууда. Көргөзмө ата мекендик товарларды чет өлкөлүк рынокторго таанытууга, экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө жана жаңы ишкердик байланыштарды түзүүгө багытталган.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Экономика

Акыркы жаңылыктар

Баары

БУУнун СЕФАКТ форумунда транзиттик коридорлорду санариптештирүү маселеси талкууланды

Кыргызгидромет: шашылыш билдирүү

Ошто мыйзамсыз курулуп жаткан кафенин ээсине 200 миң сом айып салынды

Кыргызстанда мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри бекитилди

Москвада КМШга мүчө өлкөлөрдүн коопсуздук кеңештеринин катчылары чогулушту