Бир жумада сасык тумоо жана КРВИнин 10,9 миң учуру катталды
Кыргызстанда 2026-жылдын 2–8-ноябрында курч респиратордук вирустук инфекциялардын (КРВИ) жана сасык тумоонун 10 миң 900 учуру катталды. Бул өткөн жумага салыштырмалуу 4,4%га көп.
Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин маалыматына ылайык, 45-жумадагы оорулардын интенсивдүү көрсөткүчү 148,4тү түздү. 44-жумада бул көрсөткүч 142,1 болгон.
Ошондой эле катталган учурлардын саны 2025-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,6 эсеге өскөн.
Ооругандардын басымдуу бөлүгүн балдар түзөт. Тактап айтканда, 14 жашка чейинки балдар арасында 7 миң 752 учур катталып, бул жалпы ооругандардын 71,1%ын түздү.
Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында тандалма эпидемиологиялык көзөмөл уланууда. Лабораториялык мониторингдин маалыматына ылайык, 2026-жылдын 40–45-жумаларында алынган 464 үлгүнүн 9,7%ы (55 үлгү) оң жыйынтык көрсөткөн.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда
Каналга катталуу