Нарын шаары менен Могилев шаары кызматташат

Нарын шаары менен Могилев шаары кызматташат

КРнын Нарын шаары Беларусь Республикасынын Могилев шаары менен 3 жылдык программа менен кызматташат. Бул тууралуу 11-ноябрда Нарын шаардык мэриясынан маалымдашты.

Билдирүүдө айтылгандай, шаарлар экономика, соода, маданият, билим берүү жана туризм тармактарында кызматташат.

Эки шаардын ортосунда 2027-2029-жылдарга карата кызматташуу боюнча атайын достук мамиленин алкагында жол картага кол коюлду.

Нарын шаарынын мэринин орун басары Элмира Турганбаева 2008-жылы түзүлгөн Достук келишимин жандандыруу менен атайын жол картанынын негизинде иш алып баруу кызыкчылыгын белгиледи.

Могилев - Беларусь өлкөсүнүн чыгышындагы ири тарыхый жана маданий шаар. Ал Днепр дарыясынын жээгинде жайгашкан жана Могилев облусунун административдик борбору болуп саналат. Шаар Беларустагы эң ири өнөр жай борборлорунун бири.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads жана Х каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. 
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

Равшанбек Сабиров Кара-Балтадагы мунайды кайра иштетүүчү заводго барды

4 жылда Кыргызстан менен Беларусиянын өз ара сооданын көлөмү дээрлик 4 эсеге өскөн

Мамлекеттик сатып алуулар жана билим берүү жөнүндө айрым мыйзам актыларына өзгөртүү киргизилди

Президент ЖККУ жыйынына катышуу үчүн Москвага барды

Бактыбек Калмаматов Президенттикке талапкерлигин көрсөттү