Мамлекеттик сатып алуулар жана билим берүү жөнүндө айрым мыйзам актыларына өзгөртүү киргизилди

Мамлекеттик сатып алуулар жана билим берүү жөнүндө айрым мыйзам актыларына өзгөртүү киргизилди

Президент Садыр Жапаров 2026-жылдын 21-октябрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган «”Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө”, “Билим берүү жөнүндө” мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Аталган Мыйзам Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын финансылык туруктуулугун, автономия менен мамлекеттик көзөмөлдүн тең салмактуулугун, ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу боюнча уникалдуу адистештирилген жогорку окуу жайы катары туруктуу өнүгүшүн камсыз кылууга багытталган.

Аталган Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads жана Х каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Саясат

Акыркы жаңылыктар

Баары

Равшанбек Сабиров Кара-Балтадагы мунайды кайра иштетүүчү заводго барды

4 жылда Кыргызстан менен Беларусиянын өз ара сооданын көлөмү дээрлик 4 эсеге өскөн

Президент ЖККУ жыйынына катышуу үчүн Москвага барды

Нарын шаары менен Могилев шаары кызматташат

Бактыбек Калмаматов Президенттикке талапкерлигин көрсөттү