Президент ЖККУ жыйынына катышуу үчүн Москвага барды

Президент ЖККУ жыйынына катышуу үчүн Москвага барды

КРнын президенти Садыр Жапаров 10-ноябрда Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун (ЖККУ) Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Россиянын Москва шаарына барды.

Президенттин администрация маалымдагандай, мамлекет башчысын "Внуково 2" эл аралык аэропортунан Россия Федерациясынын тышкы иштер министринин орун басары Александр Панкин тосуп алды.

Эске сала кетсек, ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин жыйынынын жүрүшүндө уюмга мүчө өлкөлөрдүн лидерлери эл аралык жана аймактык коопсуздуктун актуалдуу маселелерин, сессиялар аралык мезгилдеги уюмдун ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктарын, ошондой эле жамааттык коопсуздукту чыңдоо боюнча мындан аркы чараларды талкуулашат.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads жана Х каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. 
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Саясат

Акыркы жаңылыктар

Баары

Равшанбек Сабиров Кара-Балтадагы мунайды кайра иштетүүчү заводго барды

4 жылда Кыргызстан менен Беларусиянын өз ара сооданын көлөмү дээрлик 4 эсеге өскөн

Мамлекеттик сатып алуулар жана билим берүү жөнүндө айрым мыйзам актыларына өзгөртүү киргизилди

Нарын шаары менен Могилев шаары кызматташат

Бактыбек Калмаматов Президенттикке талапкерлигин көрсөттү