Равшанбек Сабиров Кара-Балтадагы мунайды кайра иштетүүчү заводго барды

Равшанбек Сабиров Кара-Балтадагы мунайды кайра иштетүүчү заводго барды

Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Кара-Балта шаарындагы чыгыш өнөр жай аймагында жайгашкан "Чайна Петроль Компани "Джунда" ЖЧКсынын мунайды кайра иштетүүчү заводун капиталдык оңдоо жана модернизациялоо боюнча ири инвестициялык долбоордун ишке ашырылышынын жүрүшү менен жеринен таанышты.

Бүгүнкү күндө заводдун долбоордук өндүрүштүк кубаттуулугу жылына 800 миң тоннаны түзөт.

Маалыматка ылайык, ишкананы модернизациялоого багытталган инвестициялардын жалпы көлөмү 193,75 млн АКШ долларына чейин көбөйтүлдү.

Долбоорду ишке ашыруу К4 жана К5 экологиялык класстарындагы күйүүчү майларды өндүрүүгө өтүүгө, өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун чыңдоого жана ички рынокту ата мекендик мунай заттары менен камсыз кылууга багытталган.

Мындан тышкары, долбоор маанилүү социалдык-экономикалык мааниге ээ. Анын алкагында Кыргызстандын 617 жараны жумуш орундары менен камсыздалууда.

Улуттук агенттиктин башчысы ишке киргизүү алдындагы жөндөө иштерин толук бүтүрүүнүн жана объектти пайдаланууга берүү боюнча иштерди мурда кабыл алынган милдеттенмелерге ылайык белгиленген мөөнөттө аяктоонун зарылдыгын баса белгиледи.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads жана Х каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. 
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Экономика

Акыркы жаңылыктар

Баары

Төө-Ашууда жүк ташыган унааларга коюлган чектөө алынды

Кыргыз-беларусь биринчи аймактар аралык форумунда бир катар документтерге кол коюлду

4 жылда Кыргызстан менен Беларусиянын өз ара сооданын көлөмү дээрлик 4 эсеге өскөн

Мамлекеттик сатып алуулар жана билим берүү жөнүндө айрым мыйзам актыларына өзгөртүү киргизилди

Президент ЖККУ жыйынына катышуу үчүн Москвага барды