4 жылда Кыргызстан менен Беларусиянын өз ара сооданын көлөмү дээрлик 4 эсеге өскөн
2021-жылдан 2025-жылга чейин Кыргызстан менен Беларусиянын ортосундагы өз ара сооданын көлөмү дээрлик 4 эсеге өскөн. Бул тууралуу Беларуста Соода-экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-беларусь өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиясынын он үчүнчү жыйынында айтылды.
Кыргыз өкмөтүнөн маалымдашкандай, жыйын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эрлист Акунбековдун жана Беларусиянын премьер-министринин орун басары Александр Тереховдун жетекчилигинде өттү.
Алар эки тараптуу кызматташуунун азыркы жогорку ыргагын белгилешти.
Бул максатка жетүү үчүн ишкерлер туш болгон маселелерди чечүү жана ишканалар ортосундагы түз байланыштарды кеңейтүү зарыл. Ал эми өкмөттөр аралык комиссия бул иштердин практикалык жүзөгө ашырылышын камсыз кылышы керектиги белгиленди.

Акунбеков өнөр жай ишканалары үчүн Кыргыз Республикасында инвестицияларды тартууга багытталган салыктык жана бажы жеңилдиктери, мамлекеттик колдоо чаралары, ошондой эле каржылык инструменттер каралганыын айтты.
"Биз автомобиль жана машина куроо, станок куроо, жеңил өнөр жай жана фармацевтика чөйрөлөрүндө биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдарбыз. Ошол эле учурда, биргелешкен демилгелерди баштоо үчүн каржылоо булактарына жеткиликтүүлүк чоң мааниге ээ. Кыргызстанда бир катар мамлекеттер менен эки тараптуу өнүктүрүү фонддору иштеп жатат. Ушуга байланыштуу, биз Беларусь өнүктүрүү банкы менен Кыргызстандын Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүнү кароону сунуштайбыз. Мындай кызматташтык ишкерлерди каржылоо жана өз ара пайдалуу долбоорлорду ишке ашыруу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтиши мүмкүн", — деди Эрлист Акунбеков.
Өз кезегинде Терехов Беларусия Кыргызстан менен өз ара кызыкчылык туудурган бардык тармактарда эки тараптуу кызматташтыкты ырааттуу өнүктүрүүгө дайым умтуларын белгиледи.

Соңунда Кыргыз-беларусь өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиясынын 13-жыйынынын протоколуна, ошондой эле "БЕЛАВТОМАЗ" холдингинин башкаруучу компаниясы "МАЗ" ААКсы менен "Автомаш-Радиатор" ЖЧКсынын ортосундагы кызматташуу жөнүндө макулдашууга, "Гомсельмаш" ААКсы менен "Автомаш-Радиатор" ЖЧКсынын ортосунда техниканы жеткирүү келишимине кол коюлду.