Бактыбек Калмаматов Президенттикке талапкерлигин көрсөттү

Бактыбек Калмаматов Президенттикке талапкерлигин көрсөттү

11-ноябрда Бактыбек Калмаматов Президенттик шайлоого талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КРнын Борбордук шайлоо комиссиясына кайрылды. Бул тууралуу БШКдан маалымдады.

Билдирүүгө караганда, Президенттик шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 2026-жылдын 13-ноябрына чейин белгиленген.

Калмаматов V чакырылыштын Жогорку Кеңештин депутаты болгон.

БШКнын маалыматына ылайык, бүгүнкүгө карата президенттик шайлоого талапкерлигин көрсөтүү боюнча жалпы 7 жарандан арыз келип түштү.
Алар: Аймен Касенов, Азамат Эсенбеков, Сыймык Жапыкеев жана Акай Кадыров, Исхак Масалиев жана Садыр Жапаров, Бактыбек Калмаматов.

Белгилей кетсек, өлкөдө президенттик шайлоо 2027-жылдын 27-январында өтөт. Учурда өздөрүн талапкерликке көрсөткөндөрдү колдоо этабы "Түндүк" тиркемеси аркылуу жүрүүдө.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads жана Х каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Саясат

Акыркы жаңылыктар

Баары

4 жылда Кыргызстан менен Беларусиянын өз ара сооданын көлөмү дээрлик 4 эсеге өскөн

Мамлекеттик сатып алуулар жана билим берүү жөнүндө айрым мыйзам актыларына өзгөртүү киргизилди

Президент ЖККУ жыйынына катышуу үчүн Москвага барды

Нарын шаары менен Могилев шаары кызматташат

МинКаб башчысы Касымалиев иш сапары менен Түркияга барды