ӨКМ аба ырайы тууралуу шашылыш билдирүү таратты
15-17-ноябрь күндөрү түнкүсүн жана эртең менен Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө үшүк жүрүшү күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдирүү таратты.
Маалыматка ылайык, бул күндөрү аймактарда аба ырайы 0…-2 градуска чейин төмөндөшү мүмкүн.
Мындай үшүк мөмө жана жашылча жемиштерге, казылып алынган жана жабылбаган картошка, кант кызылчасы үчүн коркунучтуу.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда
Каналга катталуу