Кыргызстанга климаттык долбоорлор үчүн 30 млн доллар бөлүндү

Кыргызстанга климаттык долбоорлор үчүн 30 млн доллар бөлүндү

Кыргызстан Климаттык инвестициялык фонддордун (CIF) ARISE глобалдык инвестициялык программасына катышуу үчүн тандалды. Анын алкагында өлкөгө 30 млн АКШ доллары өлчөмүндө жеңилдетилген климаттык каржылоо пакети каралды. Бул тууралуу Жаратылыш министрлиги маалымдады.

Билдирүүгө караганда, иш-чарага Кыргызстандын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Акыл Токтобаев катышып, климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу тоолуу өлкө болгон Кыргызстан үчүн стратегиялык мааниге ээ экенин белгиледи.

Министр климаттык каржылоого жеткиликтүүлүктү кеңейтүү, климаттык тобокелдиктердин алдын алуу жана жеке инвестицияларды тартуу өлкөнүн негизги артыкчылыктары экенин айтты.

Анын белгилешинче, каражат туруктуу инфраструктураны өнүктүрүүгө, эрте эскертүү системаларын киргизүүгө, тоо экосистемаларын жана токойлорду калыбына келтирүүгө, ошондой эле деградацияга учураган жерлерди реабилитациялоого багытталган долбоорлорду ишке ашырууга мүмкүнчүлүк түзөт.

Акыл Токтобаев Кыргызстан ARISE программасынын алкагында улуттук инвестициялык долбоорлорду даярдоого, кошумча каржы тартууга жана жеке сектордун катышуусу менен аралаш каржылоо механизмдерин өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирди.

ARISE программасы туруктуу инфраструктураны өнүктүрүүгө, инновациялык чечимдерди киргизүүгө жана климаттык каржылоонун узак мөөнөттүү механизмдерин түзүүгө багытталган.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Экономика

Акыркы жаңылыктар

Баары

Чолпон-Атада лыжа базасы жана 100 орундуу оорукана курулат

Токтогул көчөсүндө велосипед жолу курулууда

Ысык-Көлдө 63 ишкана ачылып, 2 154 жумуш орду түзүлдү

Чүйдө мыйзамсыз аңчылык үчүн жаранга айып салынды

ӨКМ аба ырайы тууралуу шашылыш билдирүү таратты