Чүйдө мыйзамсыз аңчылык үчүн жаранга айып салынды

Чүйдө мыйзамсыз аңчылык үчүн жаранга айып салынды

Чүй облусунун Москва районунда мыйзамсыз аңчылыкка каршы рейд жүргүзүлүп, аңчылык эрежелерин бузган жаран аныкталды. Бул тууралуу Жаратылыш минситрилигинине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы кабарлады.

Аталган кызматтын Биоресурстарды контролдоо бөлүмүнүн инспекторлору тарабынан уюштурулган рейд Кызыл-Туу айылынын түндүк тарабында өткөрүлгөн.

Маалыматка ылайык, саат 19:45 чамасында аңчылык кылып жүргөн жарандар токтотулуп, алардын тиешелүү документтери текшерилген.

Текшерүүнүн жыйынтыгында аңчылык эрежелерин бузган бир жаранга Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 263-беренесине ылайык 12 миң 500 сом айып пул салынды.

Мындан тышкары, жарандарга аңчылык эрежелерин сактоо жана браконьерликке жол бербөө боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Экономика

Акыркы жаңылыктар

Баары

Токтогул көчөсүндө велосипед жолу курулууда

Кыргызстанга климаттык долбоорлор үчүн 30 млн доллар бөлүндү

Ысык-Көлдө 63 ишкана ачылып, 2 154 жумуш орду түзүлдү

ӨКМ аба ырайы тууралуу шашылыш билдирүү таратты

Таласта жыл башынан бери 139 жумушсуз жаран кесипке акысыз окутулду