Таласта жыл башынан бери 139 жумушсуз жаран кесипке акысыз окутулду

Таласта жыл башынан бери 139 жумушсуз жаран кесипке акысыз окутулду

Жумушсуз жарандарды иш менен камсыз кылуу жана эмгек рыногунда атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу максатында кесиптик окутуу иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Талас райондор аралык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы билдирди.

Маалым болгондой, 2026-жылдын башынан бери башкармалык тарабынан жалпы 139 жаран кыска мөөнөттүү кесиптик окууларга жөнөтүлгөн.
Алар электр-газ менен ширетүүчү, ашпозчу, чач тарач, автоэлектрик, электр монтеру, жыгач уста жана башка эмгек рыногунда суроо-талапка ээ кесиптерге акысыз окутулган.

Окууну аяктаган жарандардын ичинен 61 адам жумуш менен камсыз болгон.

Белгилей кетсек, кесиптик окутуунун негизги максаты - жумушсуз жарандардын кесиптик жөндөмүн өнүктүрүү, эмгек рыногундагы мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана туруктуу жумуш табуусуна көмөктөшүү.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Экономика

Акыркы жаңылыктар

Баары

Чүйдө мыйзамсыз аңчылык үчүн жаранга айып салынды

ӨКМ аба ырайы тууралуу шашылыш билдирүү таратты

Базарда соода кылганда чек талап кылуу керекпи? Салык кызматы ишкерлерге коюлган талаптарга түшүндүрмө берди

"Ишенген адамдар аз болгон". Курама боз үй жасап бизнес кылган ишкер менен маек

Таласта БУУнун программасы аркылуу 96 жумушсуз жаран жумушка тартылды