Ысык-Көлдө 63 ишкана ачылып, 2 154 жумуш орду түзүлдү
Өлкө башчысы Садыр Жапаров Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында Ысык-Көл районунун жана Балыкчы шаарынын 2021–2026-жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүүсү менен таанышты. Бул тууралуу президенттин администрациясы кабарлады.
Маалыматка караганда, акыркы беш жылда Ысык-Көл районунда 63 жаңы ишкана ачылып, 2 154 жумуш орду түзүлгөн. 2026-жылдын 10 айында өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 826,2 млн сомду түзүп, 2021-жылга салыштырмалуу 6 эсеге өскөн.
Ошондой эле райондо 6 мектеп, 9 бала бакча, 4 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу, 9 фельдшердик-акушердик пункт, 7 спорт зал жана кичи футбол үчүн 13 аянтча пайдаланууга берилген. Мындан тышкары, таза суу менен камсыздоо боюнча 7 долбоор ишке ашырылган.
Жол инфраструктурасын жакшыртуу багытында 220 чакырым жол асфальтталып, 97 чакырым тротуар курулган. Ошондой эле 26 чакырым курорттук жол жана үч жээк аймагы көрктөндүрүлүп, 106 атайын техника сатып алынган.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда
Каналга катталуу