Кызыл-Кыядагы курулуш боюнча 200 миң сом айып пул салынды
Кызыл-Кыя шаарындагы Нигматулин көчөсүндө жайгашкан алты кабаттуу турак үйдүн курулушу текшерилип, мыйзам бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен маалымдалды.
Белгиленгендей, объектиде курулуш иштеринин этаптарын кабыл алуу белгиленген тартипте жана өз мөөнөтүндө таризделген эмес. Бул курулуш чөйрөсүндөгү белгиленген талаптардын бузулушу болуп саналат.
Натыйжада, "Кызыл-Кыя Курулуш" ЖЧКсына 200 000 сом өлчөмүндө айып пул салынып, мыйзам бузууларды жоюу боюнча милдеттүү түрдө аткарылуучу көрсөтмө берилди.
Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти курулуш иштерин жүргүзүүдө бардык юридикалык жана жеке жактарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, курулуш ченемдеринин жана техникалык регламенттеринин талаптарын так сактоого чакырат.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда
Каналга катталуу